www.versia.kg
Суббота, Декабрь 6, 2025
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

МАРСТЫН КЫРТЫШЫ ПОМИДОР ЖАНА ПИЯЗ ӨСТҮРГӨНГӨ ЖАРАМДУУ ЭКЕН

09.12.2019
0 0
0
SHARES
305
Просмотры
Бөлүшүү

Аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкармалыктын (НАСА) Марсты өздөштүрүү багытындагы кыялы акырындап ишке аша баштады. Окумуштуулар мурда такыр мүмкүн эмес болгон максатты жүзөгө ашырышты. Алар Айда жана Марста өстүрсө боло турган өсүмдүктөрдү аныкташты.
Нидерландынын Вагенинген университетинин окумуштуулары илимде чоң арыш жасашты. Алар Айда жана Марста жашылчаларды, анын ичинде чамгырды жана помидорду айдап, өстүрсө боло турганын аныктай алышты. Муну үчүн алар Айдагы жана Марстагы кыртышка окшогон кыртышты пайда кылышты. Андан ары алар НАСАнын программасынын алкагында алынган кыртыш үлгүлөрүнүн үстүндө иш алып барышты. Алынган кыртышка бир аз органикалык заттарды кошуу менен космостогу кыртышка окшогон топуракты пайда кылышты. Пайда болгон жаңы кыртышка он айыл чарба өсүмдүктөрүн үрөнүн себишип, мөөнөтү келгенде түшүмдү да жыйнап алышты. Алынган түшүмдүн бир бөлүгүнөн үрөн алганга да мүмкүн болду, алардан жаңы жашылча жана дан өсүмдүктөрүнүн түшүмүн алууга камынышты.
Мурда Марс менен Айды колония катары өздөштүрүүгө мүмкүн эмес болчу, себеби ал жакта адамдар жей турган азык жок эле. Эми жаңы эксперименттердин натыйжасында бул көйгөй да чечилгенсиди. Алынган кыртышка кресс-салат, помидор, чамгыр, буурчак, пияз, кара буудай, киноа, шпинат, көк пияз, түнкү фиалка сээп көрүштү. Натыйжада бир гана шпинат өспөй калды, калган 9 өсүмдүк жаман эмес түшүм берди. Бул эң сонун жыйынтык эле.
Вагенинген университетинин окумуштуулары айыл чарба өсүмдүктөрүнөн үрөн алса болор же болбостугун да изилдеп көрүштү. Бул маанилүү болчу, анткени үрөн алууга болбосо, анда жыл сайын космоско тийиштүү кыртышта өсө турган жашылча, дан жана буурчак өсүмдүктөрүнүн үрөнүн жөнөтүп турууга туура келет. Тажрыйба көрсөткөндөй, кара буудайдын жана кресс-салаттын үрөнү жакшы өсүп жетилет экен, ал эми чамгырдын үрөнү жарым-жартылай өсүп жетилди. Демек, окумуштуулардын алдында үрөн алуу жагынан дагы аткара турган жумуштар бар.

Булак: www.east-fruit.com

Мурдагы пост

КЫТАЙДА БАКТАРДЫ ИННОВАЦИЯЛЫК БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ

Кийинки пост

ЖАЛАЛ-АБАД: ТЕРГӨӨ АБАГЫ ЖОК, ЖАРАНДАРДЫН УКУКТАРЫ БУЗУЛУУДА

Кийинки пост
ЖАЛАЛ-АБАД: ТЕРГӨӨ АБАГЫ ЖОК,  ЖАРАНДАРДЫН УКУКТАРЫ БУЗУЛУУДА

ЖАЛАЛ-АБАД: ТЕРГӨӨ АБАГЫ ЖОК, ЖАРАНДАРДЫН УКУКТАРЫ БУЗУЛУУДА

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In