Базар-Коргон районунда темир-бетон электр мамыларын чыгара турган атайын цех курулуп жатат. Аны “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому өз эсебинен курууда Учурда курулуш иштеринин дээрлик 70 пайызы аяктап калды. Курулуш иштерин тендерден утуп алган “Шер-Дос” жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө монтаждоо жумуштары жүрүп жатат. Цехтин ичинде эки атайын калып жайгашат, ар бир жолкусунда калыптан эки электр мамысы куюлуп чыгат. Бир күндө 20-30 даана электр мамылары даяр болушу божомолдонууда.
-Буга чейин жаңы электр мамылары үчүн атайын тендер өткөрүп, жеңип алган компания даяр мамыларды алып келгенче көп убакыт кетчү. Эми убакыттан да, каражаттан да үнөм болот, — деп билдиришти “Жалалабатэлектро” компаниясынан.
Эске сала кетсек, аталган ишкана бир канча жылдардан бери эскилиги жеткен жыгач электр мамыларынын ордуна темир-бетон мамыларды орнотуп келет. Темир-бетон мамылар узакка чыдамдуулугу жана ар кандай шарттарга туруктуулугу менен өзгөчөлөнөт.