www.versia.kg
Понедельник, Ноябрь 16, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЖАЛАЛ-АБАД: БИР ЖАРЫМ МИҢДЕЙҮЙ-БҮЛӨ КӨЧКҮ КОРКУНУЧУНДА ЖАШАЙТ  

28.08.2019
0 0
0
SHARES
180
Просмотры
Бөлүшүү

Жалал-Абад областынын аймагында жалпысынан 1466 үй-бүлө жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарда жашап турат. Мындай үй-бүлөлөр саны мурда 1643 болсо, анын 177си коопсуз аймакка көчүрүлгөн. Кооптуу аймакта жашагандар ичинен 430 үй-бүлө мамлекеттик жардам жана жер тилкелерин алышкан эмес, ал эми жардам да, жер тилкесин да алып, бирок коопсуз жайга көчпөй койгон үй-бүлөлөр саны 1036.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облсттагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан алынган маалыматтарда 177 үй-бүлө көчүрүлгөндүгү тууралуу айтылат. Мындан Сузакта 66, Аксыда 61, Базар-Коргондо 22, Кара-Көлдө 3, Майлуу-Сууда 25 үй-бүлө коопсуз жайга көчүшкөн.

Андан тышкары, 93 үй-бүлө убактылуу туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн. Анын ичинде Базар-Коргондо 18, Сузак районунда 48, Жалал-Абад шаарында 27 үй-бүлө туугандарыныкына көчүп чыгышкан.

Жергиликтүү бийликтер Өзгөчө кырдаалдар тармагынын өкүлдөрү менен элди коопсуз аймакка көчүрүү чараларын жүргүзүшүүдө. Быйыл Ноокен районунда 14 үй-бүлөнү, Кара-Көл шаарында 10 үй-бүлөнү жана Сузак районунда 7 үй-бүлөнү, жалпы 31 үй-бүлөнү коопсуз аймакка мажбурлап көчүрүү үчүн иш сот органдарына өткөрүлүп берилген. Коопсуз аймакка көчүү зарылдыгы тууралуу тийиштүү үй-бүлөлөргө   1616 эскертме берилген, анын 70и аткарылган, 77си аткарылууда, 1469у аткарыла элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдөрүнүн билдиришинче, Жалал-Абад областынын аймагында жалпы жер көчкүнүн саны 1760 болсо, анын ичинен 541и калктуу конуштарга кооптуу деп табылган.Кооптуу деп табылган 541 жер кѳчкүнүн аймагынын ичинен учурда өтө кооптуу аймактар такталууда.

 

 

 

Мурдагы пост

ТҮШТҮК ТЕМИР ЖОЛУ: ЖАРЫМ ЖАЛДА ЖҮК ТАШУУ ӨСТҮ

Кийинки пост

ТЮМЕНДЕ ӨТТҮ “ЫР КЕСЕ”

Кийинки пост
ТЮМЕНДЕ ӨТТҮ “ЫР КЕСЕ”

ТЮМЕНДЕ ӨТТҮ “ЫР КЕСЕ”

www.versia.kg

Бардык укуктар корголгон © 2026 Versia.kg

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укуктар корголгон © 2026 Versia.kg

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In