Түркиянын Малатья аймагынан өткөн жылдын 1 августунан баштап, быйылкы 31-июлга чейин 80 миң 720 тонна кургатылган жемиш (как) сатылды. Андан түшкөн кирешенин көлөмү 375 миллион долларга жеткен. Ал эми бул продукциянын негизги импорттоочусу АКШ болуп калды. Бул тууралуу “Анадолу” маалымат агенттигине шилтеме берүү менен EastFruit платформасы билдирди.
Алынган маалыматтарга караганда, Түркиянын Малатья аймагы өлкөнүн бардык кургатылган мөмө-жемиш экспортунун 85 пайызын камсыздайт. Түркиянын бардык 17 миллион түп өрүгүнүн 8 миллиону ушул аймакка туура келет. Ал эми өрүктүн түшүмүн өндүрүү 50 миң кожолуктун негизги киреше булагы болуп саналат. Өткөн сезон ичинде АКШ ошол Малатьянын 11 миң тонна кургатылган өрүгүн сатып алды. Андан башка да, Франция 6 миң 942, Германия 6 миң 32, Улуубритания 4 миң 626, Бразилия 3 миң 181 тонна сатып алган. Малатья быйылкы жарым жылдыкта өрүк кагын экспорттоону өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19 пайызга көбөйткөн.
Соода биржасынын башчысы Рамазан Озжан билдиргендей, быйылкы экспорт сезону 31-июлда жабылды. Быйылкы экспорттон түшкөн киреше мурдагыга караганда 35 миллион долларга көбөйдү. Өлкө боюнча кургатылган жемиштерден 1,5 миллиард доллар киреше табылса, Малатья аймагы анын 375 миллион долларын камсыздады. Эми алдыда экспорттун көлөмүн 100 миң тоннага, кирешени 500 миллион долларга жеткирүү максаты турат. Бул аймактын жалпы өнүгүшүнө жакшы шарт түзөт.
Башкысы, экспорттук өнүмдүн жакшы кардары бар, ал – АКШ: өткөн сезондо Малатья ал жакка 11 миң тонна как жөнөтүп, 57 миллион 317 миң доллар киреше тапкан.