www.versia.kg
Среда, Июнь 7, 2023
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

КАРА ӨРҮКТҮН ЭКСПОРТУ РЕКОРДДУК КӨЛӨМГӨ ЖЕТТИ

15.08.2022
0 0
0
SHARES
423
Просмотры
Бөлүшүү

Өзбекстандын багбандары быйыл кара өрүктүн экспортун акыркы жылдардын ичиндеги эң эле рекорддук көлөмгө жеткиришти. Кара өрүктүн түшүмүн жыйноо 10-майдан башталган, үч айдын аралыгында анын экспорту 2017-жылдан берки эң чоң көлөмгө жетти. Атап айтканда, быйылкы 11-майдан 10-августка чейинки күндөрүнүн аралыгында 44 миң тонна жаңы жыйналган кара өрүктүн түшүмү экспорттолуп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,6 эсеге көп болду. Бул тууралуу EastFruit платформасы билдирди.

Адистер 2019-жылды эске албаганда кара өрүктүн экспорту акыркы беш жылда улам төмөндөп келатканын белгилешет. Ал эми быйыл болсо, экспорттук рекорддук өсүштүн жылы болуп калды жана 2017, 2018, 2020 жана 2021-жылдардын экспорттук көлөмүнөн 44 пайызга көп. Буга кара өрүктүн түшүмүнүн жакшы болушу жана баасынын төмөндүгү себеп болду. EastFruit платформасынын баалар мониторинги билдиргендей, быйылкы түшүмдүн баасы өткөн жылга караганда эки эсе ал эми 2021-жылдагыга караганда 4 эсе арзанга түштү.

Быйыл Өзбекстандагы ара өрүктүн килосунун дүң баасы 0,18 доллар болсо, ушул эле кара өрүктүн Тажикстандагы баасы 0,29, Молдовада — 0,31, Украинада — 0,33, Польшада — 0,43, Россияда — 0, 57, Грузияда — 0,73, Беларуста 1,46 долларга жетти. Ошонун натыйжасында Өзбекстандын кара өрүгү эл аралык рынокто өтүмдүү болуп, сатып алуулар көлөмү кыйла өстү.

Эскерте кетсек, быйыл Өзбекстанда шабдалы менен нектариндин түшүмү жогору жана баасы арзан болгон себептүү анын тышкы экспорту да көп болду. Майдын үчүнчү декадасында башталып, 10-августка чейинки экспорттун көлөмү 61,4 миң тоннага жеткен, бул өткөн жылдардагыдан бир канча эсеге көптүк кылат. Натыйжада, Өзбекстандын быйыл шабдалысы менен нектарини бир катар Европа өлкөлөрүн эл аралык базардан сүрүп чыгарды.

Мурдагы пост

ӨЗБЕКСТАН ГРУЗИЯГА, СЕРБИЯГА, ТҮРКИЯГА КЫЙЫНЧЫЛЫК ЖАРАТТЫ

Кийинки пост

375 МИЛЛИОН ДОЛЛАРЛЫК КУРГАТЫЛГАН ЖЕМИШ САТЫЛДЫ

Кийинки пост
375 МИЛЛИОН ДОЛЛАРЛЫК КУРГАТЫЛГАН ЖЕМИШ САТЫЛДЫ

375 МИЛЛИОН ДОЛЛАРЛЫК КУРГАТЫЛГАН ЖЕМИШ САТЫЛДЫ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In