Жалал-Абад областында жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн жарыяланган 3 айлык жыйынтыкталды. Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүндө өткөн жыйынга Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков төрагалык кылып, жалпы областтагы район-шаар жетекчилери катышты. Жыйында жер-жерлерде жумуш аткарылганы менен өкүлчүлүккө кагаз жүзүндө отчёт жетпей калганы маалым болду.
Мисалга, Айлана чөйрөнү коргоо агенттиги тарабынан эле Жалал-Абад областына дарактын 16 түрүн камтыган 81 миң көчөт берилген болсо, кагаз жүзүндө берилген отчётто 55 миң 447 көчөт эгилгени көрсөтүлгөн. Ошондой эле, Тогуз-Торо району менен Кара-Көл шаарында эгилген көчөттөр боюнча маалымат жумушчу топко берилген эмес.
Жумушчу топтун кыдыруусунда областта таштанды полигондору жетишсиз экени маалым болгон. Бирок, полигон үчүн даярдалган 6 объектин бирөөсүнүн гана документтери трансформациялануу үчүн тийиштүү жактарга берилген.
Жыйын учурунда жайкы туризм сезонуна карата кайра эле тазалык жана башка зарыл иштер аткарылышы керектиги айтылды. Аны менен катар Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков жумушчу топтун берген отчётуна канааттанбаганын билдирди. Ага кошумча аткарылган жумуштар боюнча так маалыматты өз учурунда берүүгө чакырды.