Быйылкы жылдын жарымында Жалал-Абад областында дан эгиндерин жыйноо өткөн жылга караганда азыраак болуп, бирок жашылчаны жана картошканы жыйнап алуу көбүрөөк болду. Бул тууралуу областтык жетекчиликтин жарым жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында белгилүү болгон.
Алынган маалыматка караганда, жарым жыл ичинде 1092 гектар жалпы дан эгиндери жыйналган жана өткөн жылдын жарымына салыштырмалуу 85,3 пайызды гана түзгөн. Алсак, эгиндин дүң жыйымы 3565 тоннаны түзүп, өткөн жылдагыдан 666 тоннага аз жыйналды. Ал эми дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү 32,6 центнерди түздү. Жыйналган бардык дан эгиндеринин ичинен 807 гектары буудай, 285 гектары арпа эгиндери.
Ошол эле кезде област аймагында жарым жыл ичинде жыйнап алынган жашылчанын көлөмү өткөн жылдын жарым жылына салыштырмалуу 2839 тоннага көп болду. Башкача айтканда, быйылкы жарым жылда 1106 гектардагы жашылча жыйналып ,алынган продукциянын көлөмү 27 миң 430 тоннага жеткен. Бул област дыйкандары жашылчачылыкка көбүрөөк ыктап жатканын билдирет.
Ошондой эле жарым жыл ичинде 473 гектар аянттагы картошка казылып, 7224 тонна түшүм алынды. Бул өткөн жылдын жарымына салыштырмалуу 439 тоннага көп же өсүү темпи 106,5 пайызга жетти. Андан тышкары, бахча продукциясын өндүрүү да жакшы жолго коюлган. Быйылкы жарым жылда 401 гектардагы бахча жыйналып, дүң жыйымы 9552 тоннаны түздү жана түшүмдүүлүк гектарына эсептегенде 238,2 центнерге жетти.
Эскерте кетсек, быйылкы жылы Жалал-Абад областында 98541 гектарга жаздык эгиндер себилген, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1636 гектарга көптүк кылат. Пайдаланылбай калган аянттар өткөн жылга карата 416 гектарга азайып, пахтанын аянты 762 гектарга, дандык жүгөрүнүн аянты 1066 гектарга, арпанын аянты 2545 гектарга көп болду.