Базар-Коргон районунун Абдраимов айылында жалпы аянты 200 чарчы метр болгон үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу 19-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Чаткал районунун Жунус айылында да 2 кабаттуу сарайдын 72 чарчы метр чатыры жана 320 түк чөп өрттөндү. Бул кырсык балдардын от менен ойногон шоктугунан улам чыккандыгы такталды.