Эми келе жаткан окуу жылынан баштап Өзбекстан Республикасынан Жалал-Абад шаарына келип окуган студенттердин саны кыйла арбыйт. Бул тууралуу Жалал-Абад мамлекеттик университетинде (ЖАМУ) 52 адамдан турган өзбекстандык делегацияны тосуп алуу учурунда белгилүү болду.
Келген делегациянын курамында университеттердин ректорлору да бар. Үстүбүздөгу окуу жылынын башталышында ЖАМУ өзбекстандык 400гө чукул студентти медициналык факультетке кабыл алышкан болчу. Эми мындан ары бир гана медицина факультетине эмес, башка бардык адистиктер боюнча да кабыл алуу боюнча келишимдер түзүлдү. Өзбекстандан келген делегация курамы ЖАМУнун техникалык базасы менен кеңири таанышып чыгышты.
Эске сала кетсек, кыргыз тарап коңшу мамлекеттин өкүлдөрүн бүгүн эртең менен чек арадан тосуп алышкан, алардын иш сапары эки күнгө созулуп, ишкерлер арасында да кызматташуу байланыштары түзүлүшү пландалган.