Жалал-Абад шаарында 2 курулуш компаниясынын иши сотко өткөнү турат, дагы 3 курулуш компаниясына берилген эскертүү мөөнөтү аяктар алдында, андан соң алардын иши да сотто каралат. Көп кабаттуу үй куруучулардын үстүнөн сотко кайрылуу былтыркы жылы эле башталган. Бул тууралу Мамэкотехинспекциянын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча региондук башкармалыгынын башчысы Бекжан Султангазиев маалымдады.
-Жалал-Абад шаарынын 7 жеринде көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталган. Алардын курулушунун бирөө гана мыйзамдуу, ал эми дагы бирөөсүнүн курулушун мамлекеттик органдар токтотуп коюшкан. Калгандарына да экотехинспекция органы тарабынан эскертүү берилген. Эки курулуш компаниясына берилген эскертүү мөөнөтү бүткөндүгү үчүн иши сотко өткөнү турат. Азыр кагаздарын даярдап жатабыз, андан кийин сотко өткөрүп беребиз. Үч үйдүн курулушуна берилген эскертүү мөөнөтү бүтө элек, бирок курулуш иштери да токтой элек. 2018-жылы “Дос-Курулуш компаниясынын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин өзүм билемдик беренеси боюнча кылмыш иши козголгон, бирок 2019-жылдагы мыйзамдардын өзгөрүүсү менен иш кыскарып кеткен, -дейт ал.
Эске сала кетсек, буга чейин жеке ишкерлер көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун мыйзамсыз болуп жатышына Аба кодекси себепкер экендигин пресс-жыйында айтып чыгышкан. Дача-Судагы кырсыктан кийин 2017-жылы кодекске бийиктигин 14 метрден ашкан турак-жайлар учуп-конуу тилкесинен 2 миң метр алыстыкта жайгашуусу керек деп өзгөртүү киргизилген. Мындан улам куруучулар ишти баштоо боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардан уруксат кагаздарын ала албай, иши мыйзамсыз болуп калууда.
Ал эми ишкерлер “Бул жөн гана жоопкерчиликтен качуу. Аэропорт Жалал-Абад шаарынын так ортосунда жайгашкан, демек шаар ичинде көп кабаттуу үй такыр курулбаш керекпи? Буга чейинки курулуштарчы? Аларга мыйзам иштебейби?”, – деген пикирлерин билдиришкен. Ошондой эле маселе чечилбесе, сотко кайрылышарын да кошумчалашкан.
Жалал-Абад шаардык архитектура башкармалыгы Жарандык авиациядан уруксат алмайынча макулдук берилбесин эскерткен. Бирок, “Роял-Строй” компаниясынын өкүлү архитектуралык пландоо кагазын Жарандык авиацияга шылтап бербей коюшу мыйзамга туура келбестигин айтат. Эгерде архитектура ушул позициясынан кайтпаса, алар региондор аралык сотко кайрылышмакчы.
Көп кабаттуу үй куруучулар өз аракеттерин мыйзамдаштырыш үчүн Президентке чейин кайрылышкан. Эми акыркы үмүт эки миң метр аралык талапка ылайык түзүлгөнбү же жокпу, аны текшерүүчү өкмөттүк комиссияда калды. Анын жыйынтыгы көпкө созулушу мүмкүн.