Базар-Коргон районунун Жаңф-Акман айылында 5 жашар бала жоголуп, үч күндөн бери издөө иштери жүрүп жатат. Бала жашаган жер айылдан өткөн каналга жакын жайгашкандыктан, Жаңы-Акман каналынын 2 чакырым аралыгында издөө иштери уюштурулду, бирок эч кандай натыйжа берген жок. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, 20-апрель күнү КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын суучул куткаруучулары издөө иштерине тартылган. Жүздөгөн адамдар 3 күндөн бери издеп жатышат, бирок дагы деле дайыны чыга элек..
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 19-апрель күнү саат 17:00дөр чамасында Акман айыл өкмөтүнүн Жаңы-Акман айылынын 2014жылы туулган тургуну И.Э. дайынсыз болуп, туугандары жана жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө салышкан, бирок таба алышпаган. Анан 20-апрель түнү саат 02.00 чамасында ӨКМге жардам сурап кайрылышкан. Ошол эле саатта райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнүн 26 куткаруучусу, жергиликтүү тургундардан 40 киши издөө иштерине тартылган.
Областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиришинче, баланын жоголгону тууралуу маалымат 19-апрель күнү милицияга катталган. 2014-ж.ылы туулган И.Э. эшикте ойноп жүрүп, кайра келген эмес, тээп жүргөн велосипеди гана табылган. Учурда милиция ар тараптуу жагдайларды да текшерүүдө, жыйынтык боло элек. Издөө иштери улантылып жатат, ага 24 милиция кызматкери жана 130 айыл тургундары тартылган.