Таажылуу вирустун таркалышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалда Жалал-Абад областында калкты азык-түлүк менен туруктуу камсыз кылуу жана баалардын кескин жогорулап кетишинин алдын алуу иштери такай жүрүүдө. Ошонун натыйжасында кандайдыр көйгөйлөрдүн орун алышына жол берилген жок. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Ажимамат Исаев билдирди.
Анын айтымында, өзгөчө абал киргизилген Сузак районунун аймагында 208 азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү заттарды саткан аралаш дүкөндөр, Жалал-Абад шаары боюнча 3 базар, азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды саткан 25 ири соода түйүндөрү, 27 майда дүкөнчөлөр, ошондой эле дары-дармек саткан аптекалар толук иштеп жатат.
КР Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн буйругуна ылайык, областтын аймагында жоопкерчилиги чектелген коомдор, чарба жүргүзүүчү субъектер, жеке ишкерлер тарабынан калкка, башка керектөөчүлөргө сатылуучу негизги азык-түлүк товарларынын чекене баасынын жогорку деңгээли төмөндөгүдөй белгиленген:
- 1 литр күн карама майынын чекене баасы 90 сом;
- 1 килограмм бөлкө нандын чекене баасы 47 сом;
- 1 килограмм кум шекердин чекене баасы 46 сом;
- 10 даана тооктун жумурткасынын чекене баасы 83 сом;
- пастеризацияланган майлуулугу 2,5% болгон 1 литр сүттүн чекене баасы 65 сом;
- 1 килограмм картошканын (2019-жылдын түшүмү) чекене баасы 40 сом;
- 1 килограмм макарон азыктарынын (жергиликтүү өндүрүүчүлөр) таразаланып сатыла турган чекене баасы 55 сом;
- 1 килограмм уй, кой этинин чекене баасы 360 сом.
Ошондой эле 1-сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 33,5 сомдон, 2-сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 24 сомдон белгиленген.
-Бул буйруктардын жер-жерлерде аткарылышын көзөмөлдөө райондук, шаардык штабдарга тапшырылып, соода түйүндөрүндөгү, базарлардагы азык-түлүк жана күндөлүк керектөөдөгү товарлардын дүң жана чекене сатуудагы бааларына, алардын калдыктарына (запас) областтык, райондук жана шаардык штабдар тарабынан туруктуу мониторинг жүргүзүлүп жатат, — дейт А. Исаев.