Кечээ 24-март күнү Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын жыйыны болду. Ага Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын 500гө чукул тургундары катышты. Анда А. Атамбаевдин президент учурундагы кыңыр иштелип айтылып, анын азыркы кездеги позициясы да сынга алынды.
Жыйынга Жалал-Абад шаарындагы айрым мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышып, жыйын башталбай жатып чыгып кеткендер болду. Башында жык-жыйма толгон залдан жыйын башталар замат айрымдар адашып келип калгандай чыгып кетишти.
Жыйынды уюштуруучулар негизги максат Атамбаевди партия төрагалыгынан кетирүү жана саясий кеңештин курамын тазалоо экендигин билдирип, максат ишке ашкандан кийин бул кыймыл өз ишин токтотоорун айтышты.
Эске сала кетсек, аталган жыйын буга чейин Чүй, Ысык-Көл жана Талас областтарында өткөрүлгөн. Ал эми “Атамбаевсиз КСДП” кыймылы 2017-жылы, тактап айтканда, экс-президент А.Атамбаев кайрадан партияга лидер катары келгенден баштап түзүлгөн.