www.versia.kg
Понедельник, Ноябрь 16, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЧЕТ ЭЛДИКТЕР КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨНҮП ЖАТЫШАТ

25.03.2019
0 0
20
SHARES
290
Просмотры
Бөлүшүү

Кыргызстанда чет элдиктер үчүн тил ийримдери жок. Бирок кыргыз үй-бүлөлөр менен чогуу жашап, өз алдынча үйрөнүү жолун тапкандар бар. Чет мамлекеттен келип, Жалал-Абад шаарында иштеп жаткан АКШлык жана Нидерландылык айымдар атайын курска каттоо менен кыргыз тилин үйрөнүп жатышат. Чет элдик жарандар эмне себептен кыргыз тилине кызыгышат? Аны кантип үйрөнүп жатышат?

Нидерландылык Елена Иванова кыргыз тилин үйрөнүп баштаганына эми гана 4 айдын жүзү болду. Кыргызстанга келгенине бир жылдан ашкан, бирок жергиликтүү тилди билбегени анчейин деле кыйынчылык туудурган жок. Ошентсе да кыргыз тилин грамматикасын кошо үйрөнүүгө бел байлаган.

-Жалал-Абад шаарында бир жыл өзбек улутундагы үй-бүлө менен чогуу жашадым. Азыр 4 айдан бери атайын жеке курска жазылып кыргыз тилин үйрөнүп жатам. жергиликтүү тилге өзүм кызыккандыктан үйрөнүүнү чечтим, болбосо кыргыз тилин билбей туруп бул жерде жашоо анчалык деле кыйынчылык туудурган жок, — дейт ал.

Кала Вен Вайк Жалал-Абадда шал оорусунан жабыркаган балдар менен иштешет. Ал үчүн кыргыз тилин үйрөнүү өтө зарыл болгондуктан, бардык мүмкүнчүлүгүн тил үйрөнүүгө жумшаган. Жалал-Абад шаарына үй-бүлөсү менен көчүп келген болсо да, ал тил үйрөнүү үчүн кыргыз үй-бүлөсүндө чогуу жашап, курстарга да каттады. Азыр эркин сүйлөп, иш учурунда кыргыз тилинде баарлашат.

-Кыргыз тили менен англис тилинде эч кандай окшоштук жок, сүйлөгөндө тилибиз келбей кыйналып жүрдүк. Баары артта калды азыр жакшы эле сүйлөп калдым окшойт. Кыргызстанда канча жыл жашайм билбейм, бир күн мекениме кайтып  кетем, ошентсе да кыргыз тилин үйрөндүм, анткени бул өлкө мага жакты, — деди ал.

Жалал-Абад шаарында чет элдиктер үчүн атайын кыргыз тили курстары жок. Ошондуктан өз алдынча тилчилерден, котормочулардан сабак алышат.

-Мен котормочу болуп иштеп баштагандан бери 10 чакты чет өлкөлүктөргө кыргыз тилин үйрөттүм. Окуучулардын кичүүсү 5 жашта болсо, эң улуусу 50 жаштан жогору болду. Инфляцияга карап, саатына 150 сомдон 300 сомго чейин акча төлөп үйрөнүшөт, — дейт котормочу Гүлгүнай Ботобаева.

Чет өлкөлүктөр кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылып, андан майнап чыгарышууда. Алардын кыргыз тилинде сүйлөгөнү баары үчүн жагымдуу. Башка улуттардын мындай аракети кыргыз боло туруп, өз жеринде жашап, бирок эне тилин өздөштүрө албаган жарандарыбыз үчүн үлгү.

Роза АКМАТЖАН кызы.

Мурдагы пост

ЖАЛАЛ-АБАДДА «АТАМБАЕВСИЗ КСДП» ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Кийинки пост

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖЕР ЧУУСУ: АУКЦИОН ТАЗА ӨТКӨНБҮ?

Кийинки пост
ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖЕР ЧУУСУ: АУКЦИОН ТАЗА ӨТКӨНБҮ?

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖЕР ЧУУСУ: АУКЦИОН ТАЗА ӨТКӨНБҮ?

www.versia.kg

Бардык укуктар корголгон © 2026 Versia.kg

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укуктар корголгон © 2026 Versia.kg

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In