Эми Кыргыз Республикасындагы Жалал-Абад областы менен Россия Федерациясынын Тюмень областы өз ара кызматташмакчы. КР Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен РФнын Тюмень областынын өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, коомдук-маданий кызматташуу боюнча макулдашууга эки областтын жетекчилери кол коюшту.
Келишимге ылайык, эки тарап өз ара соода-сатык, өнөр жай, инвестиция тартуу, агро-өнөр жай комплексин өнүктүрүү, логистика, саламаттыкты сактоо, илим жана техника, жаштар саясаты, маданий байланыштар жана туризм багытында кеңири кызматташууга бел байлашты.
Эске сала кетсек, 9-11-октябрь күндөрү Тюмень областында Кыргыз Республикасынын күндөрү өтүп, ал ошол аймактагы “Биримдик” кыргыз диаспорасынын түзүлгөнүнүн 10 жылдык мааракесине туш келген. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Элдар Алишеров менен Жалал-Абад областынын жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев баш болгон кыргыз делегациясы өз ара кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү алып барып, мааракеге катышышкан.
-Бизге Жалал-Абад областынын жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев баш болгон жердештерибиздин Тюменге келиши, биздин коомдук бирикменин мааракесине катышып, Тюмень аймагы менен болгон кызматташууну күчөтүүгө болгон аракеттери бул жактагы кыргыз атуулдарын өтө кубандырды. Чынында бизге чоң моралдык колдоо жасалды. Биз дайыма эки тараптын алакаларынын бекемделишин каалайбыз жана ага салымыбызды кошууга даярбыз, — дейт кыргыз диаспорасынын өкүлү Байдылда Борбукеев.
Кыргыз делегациясы Тюмень аймагындагы бир катар өндүрүштүк-маданий объекттерди кыдырышып, кыргыз диаспорасы тарабынан даярдалган маданий иш-чараларга күбө болушту.