Жалал-Абад областында жарым жылда эле 7 эл аралык, 6 өлкө чемпионаты, 5 республикалык, 7 областык, 21 окутуу машыгуу сбору жалпы 46 спорттук иш-чара өткөрүлдү. Жергиликтүү спортчулардын ийгилиги барган сайын арбып баратат.
Бул спорттук иш-чаралардын алкагында көк-бөрү улуттук оюну да четте калган жок. Мисалы, Сузак районундагы“Телтору” ат майданында “Кылымдап келген тарыхта, күчтүүлөр чыккан жарышка” аттуу ураан менен эл арасындагы биримдикти, ынтымакты, достукту улуттук спорттук оюндар аркылуу бекемдөө жана чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогуна мелдештер өткөрүлгөн. Буга областтын район-шаарларынан 7 команда катышып, жеңүүчүлөр жана катышуучулар дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланган. Кийин “Нооруз” майрамынын алкагында өткөрүлгөн республикалык көк-бөрү оюнунда Жалал-Абад областынан барган команда биринчи орунга жетишкен.
Областтык деңгээлде өткөн ири иш-чаралардын бири кол күрөшүнө(армрестлинг) арналган, ага “Курманбек” стадионунда уюштурулуп, район-шаарлардан 300 спортчу катышкан. Аталган мелдештен кийинБишкек шаарында да аялдар арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп, анда Айсулуу Домонова 65 килограмм салмакта III орунду камсыз кылды.
Жалал-Абад спортчуларынын акыркы жеңиштеринин бири Ысык-Көл областында өткөрүлгөн “Дени сак улут-өнүгүп жаткан өлкө” аттуу ураандын алдындагы республикалык мелдеште болду. Ага областтан 97 спортчу катышып, жыйынтыгында волейбол, тогуз коргоол боюнча биринчи орундарды, футбол боюнча 3-орунду ээлешти.
Областта спорт индустриясын өнүктүрүү жаатында аракеттер болууда. Быйылкы жарым жылда Аксы районунда 10 миллион 600 сомго спорт комплекси курулган.Андан тышкары, 6 кичи футбол аянтчалары курулуп, пайдаланууга берилген: Ала-Бука районунда — 1, Сузак районунда — 1, Ноокен районунда — 2, Тогуз-Торо районунда-1, Токтогул районунда — 1.