Жалал-Абад областы боюнча кичи жана орто бизнес чөйрөсү өндүргөн продукциянын көлөмү алгачкы төрт айда 168 миллион сомго жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 129,8 пайызды түздү. Бул багытта областтын райондорунда алга жылыштар байкалса, Жалал-Абад шаарында абал кескин начарлап, 11,1 миллион сомго же 18,4 пайызга аз өндүрүлгөн. Бул тууралуу расмий маалыматтарда айтылат.
Алгачкы төрт айда кичи ишканалардын иши жакшырган, 138,7 миллион сомдук продукция өндүрүп, өткөн жылдын алгачкы төрт айына салыштырмалуу анын көлөмү 141,6 пайызга же 40,7 миллион сомго көп болду. Жалпы өсүүгө Ала-Бука, Базар-Коргон райондорунун, Жалал-Абад жана Кара-Көл шаарларынын артта калганы терс таасир берди.
Жалпы өлкөдө түзүлгөн абалга байланыштуу, калктын өндүрүштүк ишмердүүлүгү да азайып кетти. Калк тарабынан өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 214,5 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 79,8 пайызды камсыз кылды. Калктын өндүрүштүк ишмердүүлүгү жана кичи-орто бизнес өндүргөн продукция 382,4 миллион сомго жетип, өсүү темпи 96 пайызга жетти. Областтагы бардык өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүндөгү калктын жана кичи-орто бизнестин продукциясынын үлүшү 4 пайыз болсо, анын ичинен кичи-орто бизнестин үлүшү 1,8 пайыз, калктын өндүргөн продукциясынын үлүшү 2,2 пайыз болду.