Жаш ыктырячы-активист Жалал-Абад шаарындагы коомдук жайларда мүмкүнчүлүгү чектелгендерге элементардык шарттардын жок экендигин, шаар бийликтери тарабынан аярлуу жарандарга реалдуу камкордук жасалбай атканын бир сааттын ичинде далилдеди.
Азиз Артыков беш жылдан бери майыптардын областтык ассоциациясында ыктыярчы болуп эмгектенет. Мындан улам, өзү алты саны аман болсо, кадимки мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арабасына отуруп, эл катары эс алууга жөнөдү.
Алгач коомдук тамактануучу жайга барып, пандус жоктугунан ичкери кире алган жок. Каарман өзүнүн бир сааттык сейилдөө маалында Жалал-Абад шаарында мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыктуу бир да ажаткана жок экендигин, коюлган пандустардын дегеле талапка жооп бербешин, тротуарлардын тегиз эместигинен аңгектен чыгып, дөңгөккө түшүп отуруп, кыйынчылык менен жол жүрүшөрүн далилдеп берди.
Жалал-Абад областы боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендерди ар тараптуу колдоочу “Бирдиктүү багыт” аталышындагы майыптардын коомдук бирикмеси бар. Анын жетекчиси Жумакан Жаркулова областтын борбору болуп турган Жалал-Абад шаарында аярлуу катмарлар үчүн болгону 5-10 пайыздык гана шарттар түзүлгөндүгүн “уят көрүнүш” деп эсептейт.
Ал эми Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков — “Област боюнча район-шаарлардагы коомдук жайлардагы шарттар каралды, айрым жерлерде кемчиликтер аныкталып түзөтүү тапшырмасы берилди. Кайсыл жерлерге пандустарды орнотуу керектиги боюнча анализ жасалып чыккан, эми алар жергиликтүү бийликтер тарабынан жасала баштайт”, – деп билдирди.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда 180 миңдей, ал эми Жалал-Абад областында 39 миң ден соолугун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар.
Үстүбүздөгү жылдын 14-мартында Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө Конвенциясын ратификациялоого кол койду. Ага ылайык, өлкөдө ДМЧАларга эл аралык нормаларга ылайык камкордук көрүлүшү керек.