2021-жылдын 4-июнь күнү Кыргыз Республикасынын кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборунун Жалал-Абад областы боюнча өкүлү тарабынан Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) убактылуу кармоочу жайына (УКЖ) текшерүү жүргүзүп, андагы аныкталган кемчиликтер тууралуу социалдык тармактарга бир тараптуу негизде жарыялаган. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы атайын билдирди.
Билдирүүдө айтылгандай, Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес, себеби Ала-Бука РИИБнин убактылуу кармоочу жайында Ала-Бука райондук соту тарабынан КРнын Жазык кодексинин 136-беренесинин 3-бөлүгү менен айыпталып, кармалып турган Ала-Бука районунун Баймак айылынын 1983-жылы туулган У.А. аттуу тургуну 2020-жылдын 6-ноябрь күнү шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 2020-жылдын 8-ноябрь күнү Ала-Бука райондук тергөө судьясы тарабынан эки айлык мөөнөт менен ЖАМКнын Ош шаарында жайгашкан №25 мекемесинде кармоого токтом чыгарылган жана ал жерде 2021-жылдын 27-март айына чейин кармалган. Ал эми Ала-Бука райондук сотунун өндүрүшүнө кабыл алынган кылмыш ишинин алкагында 2021-жылдын 9-апрель күнү кайрадан аталган Ала-Бука РИИБнин УКЖна алынып келинген.
2021-жылдын 19-апрелинен тартып 14-июлга чейин айына 2-3 жолудан соттук отурум болгондугуна байланыштуу, У.А. Ала-Бука РИИБнин УКЖсында кармалып жаткан.
Ошондой эле, Ала-Бука районунун Ала-Бука айылынын Ала-Бука райондук соту тарабынан КРнын ЖКнын 266-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен айыпталып жаткан, 1983-жылы туулган тургуну Т.И. 2021-жылдын 23-май күнү Ала-Бука РИИБнин тергөө кызматы тарабынан шектүү катары УКЖга киргизилген. 2021-жылдын 24-май күнү Ала-Бука райондук тергөө судьясы тарабынан эки айлык мөөнөт менен ЖАМКнын Ош шаарындагы №25 мекемесинде кармалсын деген токтом чыккан. Бирок, 2021-жылдын 28-май күнү И.Т-га карата козголгон №МП-31/21-Д2 кылмыш иши Ала-Бука райондук сотуна өндүрүшүнө кабыл алынгандыгына жана 2021-жылдын 4-июнь күндөн тартып соттук процесстер башталгандыгына байланыштуу КРнын Юстиция министрлигине караштуу Ош шаарындагы №25 мекемеге этап жасалган эмес.
Белгилей кетүүчү жагдай, деп билдирет Жалал-Абад ООИБнин басма сөз кызматы, Кыргыз Республикасынын кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборунун өкүлдөрү жана тиешелүү кызматтар Жалал-Абад областынын аймагында Юстиция министрлигине караштуу ЖАМКнын атайын “Тергөө изолятору” жок экендигин жана учурдагы экономикалык, пандемиялык шарттарда бул багытта иш жүргүзүүдө кыйынчылыктар бар экендигин жакшы билишет.