Ар кайсы себептер менен быйылкы төрт ай ичинде Жалал-Абад областындагы 7 өнөр жай ишканалары иштебей токтоп турду. Алсак, Базар-Коргон районундагы “Алтын-Була”, “Гулам-Ата”, Ноокен районундагы “Таштак” жана Сузак районундагы “Компания Зирветекс” пахта буласын өндүрүүчү ишканалары, “Абий” бышык кыш өндүрүүчү жоопкерчилиги чектелген коомдор сезондук негизде иштегендиктен убактылуу токтоп турган.
Ал эми Сузак районундагы “НПЗ БАЙЭЛ-3” жоопкерчилиги чектелген коому чийки заттын жоктугунан убактылуу токтоп турса, Жалал-Абад шаарындагы “Насос” жоокерчилиги чектелген коому өндүргөн продукциясына суроо-талаптын жоктугунан убактылуу токтоп турат.
Деген менен, быйылкы 1-майга карата областын аймагында 8 жаңы ишканалар ишке киргизилди. Анын ичинен өнөр жайында 14 жумуш орду менен 2, айыл чарбасында 11 жумуш орду менен 1, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 32 жумуш орду менен 5 ишкана ачылган. Жалпысынан 57 жумуш орду түзүлүп, анын ичинен Сузак районунда 10 жумуш орду менен 1 өнөр жай, Тогуз-Торо районунда 11 жумуш орду менен 1 өнөр жай, Токтогул районунда 8 кызмат көрсөтүү, Жалал-Абад шаарында 32 жумуш орду менен 1 өнөр жай, 3 кызмат көрсөтүү ишканалары ишке кирди.