www.versia.kg
Вторник, Январь 20, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

КАЙРА ИШТЕТҮҮ ТАРМАГЫНДА АБАЛ ЖАКШЫ ЭМЕС

21.05.2020
0 0
0
SHARES
136
Просмотры
Бөлүшүү

Таажылуу вирустун жайылышы себептүү киргизилген чектөөлөргө карабастан, Жалал-Абад областында өткөн төрт айдын ичинде өнөр жай продукциясын өндүрүү темпи жалпысынан артка кетпеди. Январь-апрель айларында област боюнча 9 миллиард 466,9 миллион сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи  101,2 пайызды түздү. Бул жалпы республиканын өндүрүш көлөмүндөгү областтын үлүшү 9,6 пайызга барабар болду дегендик. Бул тууралуу КРнын Экономика министрлигинин аймактык бөлүмүнөн билдиришти.

Бирок, отчёттук мезгил ичинде, өнөр жайынын негизги 4 тармагынын ичинен 2 тармагында өткөн жылга салыштырмалуу продукция өндүрүүнүн физикалык көлөмүнүн аткарылышы камсыз кылынган жок. Атап айтканда, кайра иштетүү тармагында өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 76,9 пайызды түздү. Анын ичинен тамак-аш азыктарын өндүрүү, ичимдиктер менен тамеки 57 пайызды, мунайзат,  кокс продуктыларын өндүрүү  90,1 пайызды, химия өндүрүшү 82,6 пайызды, жыгачты иштетүү жана жыгачтан буюмдарын жасоо 67,2 пайызды,  резина жана пластмасса өндүрүү 76,8 пайызды, электр жабдууларын, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүү 56 пайызды, башка металл эмес минералдык продуктыларын өндүрүү 54,8 пайызды, өнөр жайдын башка да тармактары  92,3  пайызды камсыз кылды.

Деген менен, жалпы көрсөткүчтүн жакшырышына айрым тармактар себепчи болду. Алсак, текстиль жана тигүү тармагында өсүү темпи 176,9 пайызга, негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүрүү 161 пайызга аткарылды.

Эми жарым жылдыктын жыйынтыгы менен жалпы өндүрүш тармагындагы абал кандай болору убакыт көрсөтөт.

Мурдагы пост

ПРОДУКЦИЯ ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ 339,5 МЛН СОМДОН АШЫК НАСЫЯ БЕРИЛДИ

Кийинки пост

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫНДА ЖЕТИ ИШКАНА ИШТЕБЕЙ ТОКТОП ТУРАТ

Кийинки пост
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫНДА ЖЕТИ ИШКАНА ИШТЕБЕЙ ТОКТОП ТУРАТ

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫНДА ЖЕТИ ИШКАНА ИШТЕБЕЙ ТОКТОП ТУРАТ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In