Жалал-Абад областынын аймагында 10 чакан электр станцияларын (ГЭС) куруу зарылдыгы турат. Алардын алдын ала эсептөөлөр боюнча жалпы кубаттуулугу 502,5 мегаватт/саатка барабар. Бул тууралуу КР президентинин областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришти.
Алынган маалыматка караганда, аталган кубаттуулуктагы электр кубатын өндүрүү үчүн Кара-Көл жана Майлуу-Суу шаарындагы, Чаткал, Базар-Коргон, Аксы, Сузак, Токтогул райондорундагы сууларга чакан электр станциялары курулушу керек. Бул аймактардагы тоодон агып түшүүчү суулар кышында секундасына 117,55 кубометр, жайында 300,4 кубометр көлөмдө агат жана аталган кубаттуулуктагы электр тогун өндүрүүгө жетиштүү.
Тактап айтканда, Кара-Көл шаарындагы Кара-Суу суусуна 18 мегаватт/саат, Майлуу-Суу шаарындагы Көгөй участкасындагы шаардын ичүүчү суу кампасына 10 мегаватт/саат, Чаткал районундагы Беш-Арал коругунда 400 мегаватт/саат жана 40 мегаватт/саат, Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагындагы Таш-Көпүрөдө 4,7 мегаватт/саат, Кара-Үңкүр суу сактагычында 20 мегаватт/саат, Аксы районунун Афлатун айылында 1,9 мегаватт/саат, Сузак районунун Сары-Булак айылында 2 мегаватт/саат, Токтогул районунун Чолпон –Ата айыылында 2,6 мегаватт\саат, Торкен айылында 2,4 мегаватт/саат, Арал айылында 3,5 мегаватт/саат кубаттуулуктагы электр станцияларын курууга болот.
КР президентинин областтагы өкүлүнүн аппараты бул энергетикалык долбоолорду ишке ашыруу максатында инвестиция тартуу үчүн өлкөнүн Инвестиция тартуу министрлигине сунуш жөнөткөн. Эгер кызыккан инвесторлор табылып калса, анда долбоорлорду ишке ашыруу аракеттери башталат.
Адистердин айтымында, бул долбоорлордун ишке ашырылышы аймактарды электр кубаты менен толук кандуу камсыз кылууга, жергиликтүү ишканалардын өндүрүш кубаттуулугун арттырууга, жаңы ишканалардын ишке киришине, ишкердиктин күчөшүнө, аймактык туризмдин өнүгүүсүнө, айыл (токой) чарбасынын өндүрүмдүүлүгүнүн артышына, акыры келип эле калкты кошумча жумуш орундары менен камсыз кылууга реалдуу шарт түзөт. Башкысы, жаз айларында суунун кириши менен сел ташкындарын, суу каптоолорду болтурбайт жана өзгөчө кырдаалдын келип чыгышынын алдын алат.