www.versia.kg
Пятница, Июль 1, 2022
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ОШТО МИҢГЕ ЖАКЫН ЖУМУШ ОРДУ ТҮЗҮЛӨТ

19.09.2021
0 0
0
SHARES
203
Просмотры
Бөлүшүү

Эми Ош шаарында жаңыдан 914 жумуш ордун түзүүгө болот. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду “Кыргыз Текстиль Лтд” жоопкерчилиги чектелген коомунун кийим тигүү фабрикасын куруу боюнча 4,3 миллион долларлык долбоорун каржылоону жактырды. Бул тууралуу аталган фонддун расмий билдирүүсүндө айтылат.

Алынган маалыматка караганда, бул кийим тигүү фабрикасы курулуп калса, анда жыл сайын 7 миллион даана кийимдер тигилет. Кыргызстандын экономикасына сезилерлик салым кошуу менен салык жана социалдык төлөмдөрүн кошуп эсептегенде мамлекеттик бюджетке 5 миллион доллар киреше кирет. Анткени, фабрика экспорттук продукциянын агымын күчөтүп, тигилген кийимдердин 90 пайызы Россия Фередациясына жөнөтүлмөкчү. Фабрикада 914 киши иштеп, жергиликтүү калктын социалдык абалы жеңилдейт.

Ошондой эле, Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Чүй областындагы “Бегимай” асыл-тукум фермердик чарбасын түзүү, сүт багытындагы бодо мал сатып алуу боюнча долбоорду да каржылоо чечимин кабыл алды. Бул фермердик чарбанын ишмердиги заманбап европалык стандарттарга туура келип, сүт өндүрүү жаатында акыркы технологияларды колдонуу максатын көздөйт. Мунун өзү сүт өндүрүүнү интенсивдүү ыкмалар менен жүргүзүүнү камсыз кылат.

Мурдагы пост

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫНДА ОН ЧАКАН ГЭС КУРУУГА БОЛОТ

Кийинки пост

ӨЗБЕКСТАН: ЖАРЫМ ЖЫЛДА КАНЧА КИЛЕМ ЭКСПОРТТОЛДУ?

Кийинки пост
ӨЗБЕКСТАН: ЖАРЫМ ЖЫЛДА КАНЧА КИЛЕМ ЭКСПОРТТОЛДУ?

ӨЗБЕКСТАН: ЖАРЫМ ЖЫЛДА КАНЧА КИЛЕМ ЭКСПОРТТОЛДУ?

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In