Быйылкы региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында Жалал-Абад областында бир катар өнөр жай объекттери ишке кирмекчи жана токтоп турган ишканалардын аракети күчөтүлмөкчү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым-укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришти.
Алсак, Чаткал районунда “Кичи-Чаарат” жоопкерчиликти чектелген коомунун алтын концентратын өндүрүүчү фабрикасын, Таш-Көмүр шаарында «Кварц компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун металлургиялык кремний өндүрүүчү заводун ишке киргизүү, Тогуз-Торо районундагы өндүрүшү токтоп турган “Макмалалтын” комбинатында өндүрүштү жандандыруу, Чаткал районундагы «Эти Бакыр-Терек-Сай» жоопкерчилиги чектелген коомунун алтын ылгалоочу фабрикасынын курулушунун, Кара-Көл шаарында «Шамшыкал-Атакомпани» жоопкерчилиги чектелген коомунунцемент чыгаруучу заводун куруу долбоорлорун иштеп чыгуу жана курулуштарын баштоо, Кара-Көл шаарында Камбар -Ата ГЭС-2нин 2-гидроагрегатын ишке киргизүү үчүн 138 миллион долларлык долбоор боюнча иш алып баруу каралууда.
Областтын электр тармактарында 15 даана кошумча комплекстүү трансформатордук жабдуу жана АСКУЭ тибиндеги акылдуу электр эсептегичтеринен 1000 даана орнотуу, 10/6-0,4 киловатт чыңалуудагы жалпы узундугу 23 чакырым аба чубалгыларын куруу жана реконструкциялоо пландаштырылды.