Жалал-Абад областында тышкы соода жүгүртүү быйылкы жарым жыл ичинде өткөң жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге жакын өскөн. Бул тууралуу областтык коллегиянын жарым жылдыктын жыйынтыктарын караган жыйыында маалым болду.
Тактап айтканда, быйылкы январь-май айында тышкы соода жүгүртүү 85 миллион 458,2 миң АКШ долларын түзүп, өткөн 2018-жылга салыштырмалуу 40 миллион 521,2 миӊ АКШ долларга көбөйдү жана өсүү темпи 190,2 пайызды түздү. Башкача айтканда, экспортун көлөмүн баа түрүндө карасак, ал импортко караганда 49 миллион 675,9 миң АКШ долларына көп болуп, оӊ сальдону түздү.
Жарым жыл ичинде областтан 67 миллион 567,1 миӊ АКШ доллары көлөмүндө ар кандай сырьёлор, товарлар сыртка жөнөтүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 38 миллион 931,6 миӊ АКШ долларына көп болду жана өсүү темпи 236 пайызды түзүп, тышкы сооданын жалпы көлөмүнүн 79,1 пайызына жетти.
Быйыл майда жандыктар 95,5 миң долларга, бал 10,8 миӊ долларга, минерал суусу 25,6 миӊ долларга, джем жана жемиштер желеси 105,2 миӊ долларга экспорттолуп, күн карама даны 69,6 миӊ долларга, пахта 5 миллион 164,3 миӊ долларга, темир сыныктары жана калдыктары 508,1 миӊ долларга, баалуу темир рудалары жана концентраттары 48 миллион 385,2 миӊ долларга, көмүр 550 миӊ долларга, лигнит 171,3 миӊ долларга, нефт прдуктыларынан газоил (дизелдик май) 1 миллион 422,1 миӊ долларга, мазут 101,2 миӊ долларга, минералдык азыктар 294,9, миӊ долларга экспорттолгон. Булардын өткөн жылга карата көлөмү көп болду.