Быйылкы таажы вирусуна байланышкан чектөөлөргө карабастан областта тышкы соода жүргүзүүнүн көлөмү өскөндүгү байкалат. Жалал-Абад областтык статистика башкармалыгынын маалыматына караганда, быйылкы январь-май айларында тышкы соода жүгүртүү көлөмү 87 миллион 229,2 миӊ АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллион 443,2 миң АКШ долларына көбөйдү жана өсүү темпи 101,7 пайызды түздү. Белгилей кетсек, өткөн 2019-жылдын январь-май айларында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 85 миллион 786 миң АКШ долларын түзгөн болчу.
Ал эми быйыл тышкы соодада экспортунун көлөмүн баа түрүндө алганда импортко караганда 44 миллион 773 миӊ АКШ долларына көп болуп, оӊ сальдого жетишилди. Деген менен, январь-май айларында областтан сыртка 66 миллион 1,1 миӊ АКШ доллары өлчөмүндө ар кандай сырьёлор, товарлар жөнөтүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1 миллион 590,9 миӊ АКШ доллары өлчөмүндө аз товар жөнөтүлгөн жана өсүү темпи 97,6 айызды түзгөн. Бул тышкы сооданын жалпы көлөмүнүн 75,7 пайызына барабар.
Импорттун көлөмү да артып жатканы байкалат: быйылкы январь-май айында област боюнча 21 миллион 228,1 миӊ АКШ доллары өлчөмүндө ар кандай сырьёлор, товарлар алынып келинип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 3 миллион 34,1 миӊ АКШ долларына көбөйгөн. Өсүү темпи 116,7пайызды түзүү импорттун көлөмү менен тышкы сооданын жалпы көлөмүнүн 24,3 пайызын түздү.