Быйылкы жарым жыл ичинде Жалал-Абад областынын аймагында 4 миллиард 976,8 миллион сомдук инвестициялар тартылып, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыштырма баалар менен алганда 80,2 пайызды түздү. Мунун өзү жалпы республикадагы тартылган инвестициянын көлөмүнүн 11,7 пайызына барабар болду. Бул тууралуу расмий маалыматтарда айтылат.
Отчёттук мезгил ичинде ички инвестициялардын көлөмү 2 миллиард 68,4 миллион сомду түзүү менен өткөн жылдын жарым жылына карата 83,2 пайызды түздү же 418,2 миллион сомго аз болуп калды. Анын ичинен республикалык бюджеттен тартылган каражаттар 210,9 миллион сомду түзүп, 79,5 миллион сомго көп болду. Ишканалар жана уюмдардын эсебинен алынган каражаттар 517,7 миллион сом болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 418,2 миллион сомго азайган. Калктын жана башка каражат булактарынын эсебинен 1 миллиард 323,4 миллион сом тартылып, бул да өткөн жылга карата 386,1 миллион сомго аз болду. Көрүнүп тургандай, калктын эсебинен тартылган инвестициянын көлөмү башка булактарга караганда арбын.
Тышкы инвестицияларды тартуунун көлөмү да салыштырмалуу азайып кетти. Атап айтканда, быйыл жарым жылда 2 миллиард 908,4 миллиард сом тартылып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 79,8 пайызды түздү же 736,1 миллион сомго азайды. Анын ичинен чет өлкөлүк тике инвестициялар 590,1 миллион сомду түздү да, өткөн жылдагыдан 998,1 миллион сомго азайып кеткен.
Ал эми кредит жана грант катары алынган каражаттар арбыган. Мисалы, чет элдик кредиттен 2 миллиард 150,9 миллион сом тартылып, ал өткөн жылга караганда 216,6 миллион сомго көп болду. Ал эми чет өлкөлүк гранттан жана гуманитардык жардамдар 167,4 миллион сомго жетип, ал 45,3 миллион сомго көп тартылды.
Мамлекеттик менчикке тартылган инвестициялар көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу өстү. Башкача айтканда, мамлекеттик менчикке 513,6 миллион сом каражат тартылып, капиталдык инвестиция тартуунун жалпы көлөмүнүн 10,3 пайызын түздү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13 миллион сомго көп болду. Мамлекеттик менчиктер боюнча: 17 айыл аймактарында 104,9 миллион сом, Жалал-Абад областык капталдык курулуш башкармалыгында 106,8 миллион сом, Бишкек-Ош автоунаа жолдорунун 4-фаза долбоору боюнча 195,1 миллион сом, Токтогул шаарында 85,4 миллион сомдук иштер аткарылды.
Ал эми акционердик коомдор жана башка жеке менчиктер боюнча алганда абал начарлаган, же болбосо 4 миллиард 463,2 миллион сом капиталдык инвестициялар тартылып, жалпы тартылган көлөмдүн 89,7 пайызын түздү. Бул 2019-жылдын янврарь-июнь айына салыштырмалуу 1 миллиард 167,3 миллион сомго аз дегендик. Тартылган инвестициялар “Каскад ТГЭС” ачык акционердик коомуна 192,1 миллион сом, “Камбарата ГЭС” ААКга 127,9 миллион сом, “ЭС ПС ГЭС” ААКга 10 миллион сом, “Глобал Джамгыр Майнинг” ЖЧКсына 625,9 миллион сом, “Кыргызнефтегаз” ААКга 192,4 миллион сом, “Кыргызжер Нефтегаз” ЖЧКсына 400 миллион сом, “Вертекс Голд Компани” ЖЧКсына 368,4 миллион сом, республика боюнча досчет 1 миллиард 50 миллион сом, “ЗААВ ЧААРАТ” ААКга 115,1 миллион сом, Жалал-Абад областы боюнча кайра жабдууларга 63,2 миллион сом пайдаланылган.
Эми жыл аягына чейин инвестицияларды тартуу жана өздөштүрүү жагы кандай өзгөрүүгө учурайт, аны убакыт көрсөтөт.