Өткөн 2019-жылы Жалал-Абад областынын дыйканчылык зонасында өндүрүлгөн жашылчанын жалпы көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу көп болгон, бирок түшүмдүүлүк жагынан артка кеткен. Бул жөнүндө жыл жыйынтыгы тууралуу расмий маалыматтарда айтылат.
Мисалга алсак, өткөн жылы областтын аймагындагы 11 миң 531 гектар аянтта жашылча өсүмдүктөрүнүн түшүмү жыйналып алынган. Алынган продукциянын дүң жыйымы 287 миң 222,4 тоннага жетип, ал 2018-жылга салыштырмалуу 969 тоннага көптүк кылды. Бирок, дүң жыйым көп болгон менен ар гектарынан алынган түшүмдүүлүк мурдагы жалга караганда азыраак болуп калган. Башкача айтканда, гектарынан алынган түшүм 225,4 центнерди түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 0,1 центнерге аз болду.
Ушундай эле абал бакчачылык тармагынан да кездешет. Өткөн жылы област боюнча 3810 гектар жердеги бакча продукциялары жыйналып, анын дүң көлөмү 95 миң 885,3 тоннаны түзгөн. Ал эми ар гектардан алынган түшүмдүүлүк 241,2 центнерге жеткен, бул болсо 2018-жылдагыга караганда 1,4 центнерге аздык кылат.
Деген менен, май өсүмдүктөрү жаатында абал башкача. Өткөн жылы област аймагында 10 миң 191 гектардагы май өсүмдүктөрү жыйналып, жалпы көлөмү 12 миң 848,1 тоннага жеткен. Май өсүмдүктөрү 2018-жылга караганда 3044 гектарга аз болсо да, бирок ар гектарынан алынган түшүмдүүлүк көп болгон. Ар гектарынан алынган май өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү 12,6 центнерди түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 0,3 центнерге көптүк кылды.