Областтын аймактарындагы өнөр жай өнугүшүнүн абалы бир кылка эмес. Айрым аймактарда алга жылыштар байкалса, кээ бир жактарда артка кетүү байкалат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын Жалал-Абад регионалдык бөлүмүнөн билдиришти.
Деген менен, он ай ичинде област боюнча негизги 27 өнөр жай ишканалары бар: Жалал-Абад шаарында-8, Кара-Көлдө-2, Майлуу-Сууда- 1, Таш-Көмүрдө-2, Ала-Бука районунда-2, Базар-Коргондо-4, Ноокенде-5, Тогуз-Тородо-1, Чаткалда-2 өнөр жай ишканалары иштеп турду. Бирок, 1-ноябрга карата Жалал-Абад областы боюнча 2 өнөр жай ишканалары иштебей токтоп турду. Алар кайсылар?
Он ай ичинде Тогуз-Торо районундагы “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун “Макмал ЗДК” филиалында Доре куймасын өндүрүүчү ишканасы реконструкция болгондугуна байланыштуу убактылуу иштебей токтоп турат.
Ошондой эле Чаткал районундагы «Эвентус» жоопкерчилиги чектелген коому, алтын концентратын өндүрүүчү ишкана бүгүнкү күндө Чаткал районунун аймагында ишин убактылуу токтотуп, Ала-Бука районунун аймагында чалгындоо иштерин жүргүзүүдө, ошол себептүү иштебей токтоп турат.