Жалал-Абад шаарына караштуу Төш-Кутчу айылындагы жаңы конуштардын тургундары көп жылдардан бери электр кубатынын жетишсиздигинен кыййынчылыкты тартып жатышат. Ал эми “Жалалабатэлектро” акчык акционердик коомунун жетекчилери мындай абал Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин түшүнбөстүгүнөн келип чыкты деп эсептешет. Бул тууралуу областтык “Акыйкат” гезити жазып чыкты.
Гезиттин кызматкери жазгандай, Жалал-Абад шаарына караштуу Төш-Кутчу айылындагы жаңы конуштардын тургундары көп жылдардан бери электр кубатынын жетишсиздигинен кыйналып жатышса, ага шаар бийликтери кайдигер карап келишет. Жаңы конушта үйлөр курулуп, тургундар көчүп киришкен, ал эми тиричиликке эң керектүү электр кубатын да өздөрү камсыз кылышкан: өз алдынча жыгач мамыларды орнотушуп, зым тартышкан.
Азыркы маалда ошол жыгач мамыларды абалы абдан начар, улаганы араң турушат. Ага тартылган зымдар адам бойлуу салаңдап, айланадагыларга коркунуч келтирет. Электр кубаты лампочканы араң жарытып, тамак-жасаганга же башка максаттарга пайдалануу дегеле мүмкүн эмес. Электр плитага койгон чай эки саатта араң кайнаса, тамак дегеле бышпайт.
Төш-Кутчу айылынын тургундары Жалал-Абад шаарынын мэрине бир эмес, бир нече жолу кайрылышкан, бирок андан майнап чыкпаган. Шаар мэри “аталган конуш тургундарынын маселесин чечүү биздин милдетке кирбейт” деп түшүндүрөт. Анын ою боюнча, “Жалалабатэлектро” ААК электр тогун сатып жаткан соң, элди электр менен камсыз кылуу да анын милдети болуп саналат. Ал эми мэрия айылдын жолун оңдоп, суусун камсыздап берген жетиштүү.
Кабарчы шаар мэри Мураталы Тагаевге бул маселе боюнча кайрылганда ал “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесинде электр мамысын, зым тартуу иштерин атайын лицензиясы бар гана ишканалар жүргүзүшү керектигин айтып, аны “Жалалабатэлектро” ААК жүргүзүшү керектигин айткан.
Ал эми “Жалалабатэлектро” ААКнын башкы директорунун орун басары Азамат Паизов айрым жетекчилерге иштин жөн жайын түшүндүрө албай жатышканын баса белгилейт. Анын айтымында, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдын 16-беренесинде жаңы конуштарды электрлештирүү жана аба чубалгыларын куруу жергиликтүү бийликтин бюджетинен каралы белгиленген. Демек, жергиликтүү бийлик жергиликтүү бюджеттин эсебинен электрлештирүү маселесин чечип, анан аны “Жалалабатэлектро” ААКнын балансына өткөрүп берет, тейлөө жагын электр ишканасы жүргүзө берет.
-Сузактын Барпы, Базар-Коргон айыл өкмөтү түшүнүп эле иштеп жатышат. Жаңы конуштарына бюджеттен акча бөлүп, мамы жана зым менен камсыздап жатат. Жалал-Абад шаарынын бийлиги эле такыр түшүндөй койду. Силердин милдетиңер деген эле талабын айтышат. Мыйзамды жакшылап окуп чыгышса болот эле. Ортодо жаңы конуш жашоочулары эле кыйналып жатышат, — дейт ал.
Деген менен, гезиттин кабарчысы жазгандай, Төш-Кутчу айылындагы жаңы конуштагы аба чубалгыларынын салаңдап турганынан улам адам өмүрү аз жерден кыйыла жаздаган учур болду. Март айында көк бөрү тарткандардын бирөөсү ат-маты менен салаңдап турган электр зымына урунуп, аты ал жерде дароо жан берсе, көк бөрү тарткан неме эс-учун жоготуп, ооруканадан аманк алган.
Чынында эле мыйзамдар боюнча жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык шартын, инфраструктурасын толугу менен жергиликтүү бийликтер жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыз кылышат. Эгер жергиликтүү бюджет тартыш болуп, республикалык бюджеттин дотациясында отурса, анда борбордон жардам алып болсо да калктын социалдык, коммуналдык зарылдыктарын камсыз кылып берүү жергиликтүү бийликтердин милдети.
Ал эми жаңы конуштарды электр менен камсыз кылуу жаатындагы маселеде жергиликтүү бийликтер менен электр бөлүштүрүүчү компаниялардын милдеттери эки жактуу бөлүнгөн. Жергиликтүү бийликтер, башкача айтканда, шаар мэриясы же айыл өкмөтү электр мамыларын, электр зымдарын жана башка тетиктерди жергиликтүү бюджеттен камсыздап, ал эми электр бөлүштүрүүчү ишкана, башкача айтканда, “Жалалабатэлектро” ААК ошол бюджеттин алкагында электр кубатын үйлөргө киргизип берүү жагын камсыздашат. Кала берсе, трансформаторлор да жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынат.
Бул Кыргызстанда болуп эле келаткан мыйзамдуу практика, аны түшүнбөй турган жери жок. Бирок, Жалал-Абад шаарынын мэри эмне үчүн аны түшүнгүсү келбей жатканынын өзү түшүнүксүз. Деген менен, Төш-Кутчу айылынын калкына биринчи кезекте Жалал-Абад шаарынын мэриясы милдеттүү.
Ошентип, областтык “Акыйкат” гезити орчундуу маселе көтөрүп чыгыптыр. Эми бул маселеге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү да көңүл буруп коёр, себеби ал жакта мыйзамды окуп, аны түшүнө алган адистер, жетекчилер отурат деген ишенич бар. Түшүнбөгөндөргө, албетте, Өкмөттөгүлөр түшүндүрүүсү шарт.
Жалил САПАРОВ,
журналист.