Кечээ, 26-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өзүнүн 59-буйругу менен Жалал-Абад шаардык муниципалдык жүргүнчүлөрдү тейлөө автобазасынын жетекчиси Джапаров Жыргал Сатаровичти ээлеген кызматынан бошотту. Бул тууралуу кызматынан алынган Ж.Джапаров өзү билдирди.
Шаар мэри кол койгон буйрукта “Джапаров Жыргал Сатарович Жалал-Абад шаардык муниципалдык жүргүнчүлөрдү тейлөө автобазасынын жетекчи ээлеген кызматынан бошотулсун” деп жазылган (буйруктун текстинин грамматикасы сакталды – ред.). Ал эми буйрукту шаар мэриясы “Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 83-беренесинин 1-пунктусунун 5-подпунктусу жана 146-беренесинин 1-пунктунун 3-подпунктусунун негизинде…” (грамматикалык, стилдик каталар буйруктагыдай берилди – ред.) жана коммуналдык маселелер боюнча вице-мэрдин кызматтык катынын, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын уставынын негизинде чыгарганы да буйруктан көрүнүн турат.
Бирок, Ж.Джапаров шаар мэриясынын бул аракетине нааразы болуу менен буйрук мыйзамсыз чыккан деген пикирде. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө абалдар жөнүндө” конституциялык мыйзамынын IV главасынын 22-беренесинин 7- жана 8-пункттарында өзгөчө абал учурунда жүйөлүү себептерсиз мекеме жетекчилерин, кала берсе катардагы жумушчуларды да кызматтан алууга жол берилбейт.
-Кала берсе, мындан бир жыл мурун, 2019-жылдын апрелинде Жалал-Абад шаарынын мэри жана анын биринчи орун басары мени чакырып, кызматтан кетүүмдү сунуш кылышкан. Мен макул болгон эмесмин, себеби беш жылдай мурун мени жетекчи кызматка коюшканда ишкананын карызы 3 миллион сомдон ашуун болчу. Мен бир жыл ичинде ишти жолго койдум, карызды жоюп гана калбай жыл сайын карызы жок чыгып келатабыз. Ыраазы болуунун ордуна мага ушундай мамиле жасаганына нааразымын. Ушуга чейин мени кызматтан кетирүү аракеттери ачык эле байкалып келди, — дейт ал.
Эске сала кетсек, Ж. Джапаров 3-топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран эсептелет. Буга чейин Жалал-Абад шаарынын бир аймактык башкармалыгын жетектеп келген.
Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев кызмат 2018-жылы июнь айында келген, ага чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы болуп иштеп турган. Ал шаар мэри болуп келген соң мурда иштеп келген ондон ашуун жетекчи кадрлар кызматынан кеткени маалымдалган. Массалык маалымат каражаттарында илгери зөөкүрлүк жасап, соттолгону жана түзөтүү колониясында жатып чыкканы, кийин деле чоң муштумдук өнөрүн улантып келгени, бир тууган абасы Абибилла Тагаев президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы — Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун кудасы экени айтылып келет.