Корея Элдик Демократиялык Республикасында дүрбөлөң башталды, жергиликтүү тургундар эң зарыл буюмдарды сатып алып жатышат, баш калаа Пхеньянда вертолёттор жапыз учушууда. Бул тууралуу булактарга таянуу менен The Washington Post басылмасында таркатылганын lenta.ru бүгүн түштөн кийин жазып чыкты.
Аталган басылманын булактарынын билдиришинче, тургундар бардык зарыл буюмдарды – кир жуучу порошоктон баштап күрүч, электротехникаларды, ликерлерди, консерваларды жана сигареттерди тездик менен сатып алышууда. Андан тышкары, өлкөдө Кытай менен темир жол каттамдары токтотулганы да кабарланууда.
Мындай билдирүүлөр 25-апрель күнү кечинде кытайлык Weibo социалдык баракчасында Гонкондогу HKSTV телевидениесинин вице-директору өлкө лидери Ким Чен Ындын каза болгону тууралуу “мартабалуу булактарга” таянуу менен жазып чыкканынан кийин пайда боло баштаган. Ал эми Япониядагы Shukan Gendai журналы КЭДР лидери жүрөгүнө жасалган операциядан кийин калыбына келтирүү абалында жатканын билдирген. Ошол эле кезде КЭДРдин радиосу өлкө лидери “активдүү иштеп” жатканы тууралуу маалымат тараткан.
Ал эми Россиянын Илимдер Академиясынын кореялык изилдөөлөр борборунун илимий кызматкери Константин Асмолов «Ленте.ру» басылмасына билдиргендей, КЭДРдин лидери Ким Чен Ындын ордун өлкөнүн мурдагы жетекчиси Ким Чен Ирдин кичүү иниси Ким Пхён Ир ээлеп калышы ыктымал.