Мурда соттолгон, жакында адам өлтүрүп, из жашырып качып жүргөн кылмышкер изделип жатат. Буга ылайык Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы коомчулукту сак болууга жана кылмышкерди издеп табууга көмөктөшүүгө чакырууда.
Үстүбүздөгү жылдын 27-июль күнү саат 08:43 чамасында Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен жансыз дене табылган. Азиа улутундагы, жашы болжол менен 45-50 жаштагы жаранды бычак сайып өлтүрүп кетишкен. Аталган факты боюнча шаардык ички иштер кызматынын тергөө ыкчам тобу иш алып барып, Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталгандыгын билдирди.
Мындан улам жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасындакылмышка шектүү катары Сузак районунун Жаңы-Жер айылынынИнтернационал көчөсүнүн Абиджон Меркамедбаев аныкталып,учурда изделүүдө.
Милиция кызматкерлери издеп жаткан шектүүнүн жүргөн жерин билгендер болсо же ал тууралуу кандайдыр бирмаалыматты билишсе,миилция төмөнкү дарекке билдирип коюуңуздарды суранат. Маалымат бергендердин анонимдүүлүгү сакталып, ага кепилдик берилет.
Дарек: Жалал-Абад шаары, Кашкин кыска көчөсү, 6 А.
Телефондор: (03722) 5-28-31; (0777) 59-59-59; (0776) 71-23-23.