Эртең, 30-апрель күнү Жалал-Абад шаарында каратэ-до боюнча чоңдор жана өспүрүмдөр арасында республикалык мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык жаштар-иштери, дене-тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришти.
Бул мелдешке өлкөнүн бардык аймагынан 350дөй спортчу тартылган. Алар жалпы 38 салмактын түрү боюнча таймашышмакчы. Жалал-Абад областтык жаштар-иштери, дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Замирбек Бекмырзаевдин айтымында, мелдеш эки күнгө созулуп, ага КРнын каратэ-до федерациясынын башчысы жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышышмакчы.
Эскерте кетсек, республикалык мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи эртең саат 13:00дө шаардагы “Газпром” тарабынан курулган ден соолукту чыңдоо борборунда башталат.