Жалал-Абад шаарындагы үлкөн темир бетон буюмдарын чыгаруучу заводунун тегерегиндеги чыр боюнча сот иштери да аягына чыкпай келет. Тараптардын өз чындыгы бар, аларды катарлаш берүүнү туура көрдүк. Сепаратист Кадыржан Батыровдун мүлктөрү сот органдары аркылуу мамлекетке конфискацияланып, 25 объект “Элдик” мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилген. Мүлктөрдү ижарага берип иштетүү аркылуу өлкө казынасына пайда алып келүү көздө тутулган. Алардын бири — 6 гектар жер аянтын ээлеген мурдагы КСД заводу. Кабаттуу имараттарга иштетилүүчү бетон плиталарын, бетон арыкчаларын, бетон мамыларын, айтор темир бетон буюмдарынын көп түрүн чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар Жалал-Абад шаарындагы уникалдуу заводдордун бири.
Алексей АПИЕВ, “Элдик” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу:
-Бул завод 2017-жылы жайында ачык аукцион аркылуу айына 744 миң сомго “Акмат-Ата-транс” жоопкерчилиги чектелген коомуна (ЖЧК) ижарага берилген. Булар башында ижара акысын төлөп, кийин төлөбөй коюшкан, бүгүнкү күндө бизге ижарадан18 миллион сомго жакын карызы бар. Негизги жүйөө катары ижара акысы кымбат болуп калган дешүүдө. Эгерде чынында ошондой болсо, анда алар башында бир айдан кийин эле фондго офицалдуу кат аркылуу кайрылып, аукциондун жыйынтыгын жокко чыгарышы керек болчу. Же болбосо компаниянын чыгымдарынын хронологиясын түзүп, ижара акысы кымбат экенин көрсөтүп, ошонун негизинде кайрылышса болмок. Алар бул жүйөлөрдү качан гана бир жыл өтүп, биз сотко кайрылгандан кийин айтып жатышат. Азыр Жалал-Абад областтык райондор аралык соту аталган ЖЧКны 16 миллион 444 миң сом төлөсүн деген чечим чыгарып берген. Ал эми областык сот заводдон чыгып кетүүсү боюнча чечим чыгарган. Бирок алар кайра эле арызданып, иш бүтпөй келет.
Бакыт БОРОШЕВ, жеке ишкер:
-Биз ал заводду ижарага алганда банкрот болуу абалында эле. Мамлекеттен 7 миллион сомго жакын карызы бар болчу. Биз 2 жылдын ичинде 46 жумушчудан 104 жумушчуга көбөйттүк. Айлыктарды эки эсе көтөрдүк. Азыркы учурда Жалал-Абад шаарындагы салыкты көп төлөөчү №2 өндүрүш болууга жетиштик. Андан башка дагы жакшы өзгөрүштөрдү жасадык. Бирок, азыр ижара боюнча сотто иштерибиз бар. Туура, биз алганда айына 744 миң сом төлөшүбүз керек эле. Бирок заводду алып карасак, бир сөз менен айтканда “өлгөн” абалда экен. Ошондуктан биз анын абалына жараша айына 200 миңден төлөйбүз деп, ошол суммада төлөп келебиз. Кийин биз заводду бутка тургузуп, иштетип, пайда түшө баштаганда заводго кызыккандар көбөйдү. Азыр эми мамлекеттин кызыкчылыгын көздөө шылтоосу менен сотко кайрылып, доогер болуп жатышат. Бирок, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөсө, эмнеге завод банкрот болуп, сазга батып жатканда реакция кылбай, эми жакшы иштей баштаганда аракет кылып жатышат деген жообу жок суроо туулат.
“Элдик” мамлекеттик ишканасынын бухгалтери:
-Ижара кымбат болуп калган дешкени менен алар өздөрү ошол баага чыгарышкан. Башында аукционго коюлган баа 116 миң 320 сом болгон, ар бир балка урулганда 70 миңге көтөрүлмөк, алар өздөрү ушул баага жогорулатышкан. Заводду көргөндөн кийин бир ай ичинде кайрылса, аукциондун жыйынтыгы жокко чыгарылып башынан өткөрүлөт эле, балким алар кайра ала албай калабыз деп коркушкан. Ошондой эле завод кышында иштебей калат, ал айларга ижара акы алынбайт.
Бакыт БОРОШЕВ, жеке ишкер:
-Мыйзам боюнча “компания сделка” деген бар. Эгерде келишим бир тараптын укугун коргоп, экинчи тараптын укугун коргобой калса, ал жокко чыгат. Алар бизге заводду берерде абалы жакшы деп беришкен. Бирок, тескерисинче экен. Уурдалган, иштебеген нерселери көп болчу. Биз аны иштетиш үчүн миллиондогон акчаларыбызды сарптадык. Анан эле объектти эми бутка тургузганда “Элдик” ишканасы ижара мөөнөтү бүттү, чыккыла деп жатышат. Ошондуктан биз аларга сот аркылуу сүйлөшөлү дегенбиз. Азыр сот иштери жүрүп жатат. Биз ишкербиз да, башка жакка барып деле бизнесибизди улантып кетет беребиз. Бирок, бир жактан патриоттук сезимибиз деле жөн койбой турат. Анткени К. Батыровдун “Элдик” ишканасына берилген канчалаган заводдору талкаланып, тонолуп, бүгүнкү күндө кейиштүү абалда жатат. Эгерде аларга кайтарып берсек, бул объект да ошондой абалга келбейт деп ким кепилдик бере алат?
Алексей АПИЕВ, “Элдик” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу:
-Сот иштери акыйкат аяктаса, биз заводду “Элдик” ишканасы өзүбүз эле иштетели деп жатабыз. Анткени таш майдалоочу, асфальт чыгаруучу заводду жакшынакай эле иштетип жатабыз. Эмнеге колубуздан келбесин? Болгону башында ситуация ошого түрткөн. К. Батыровдун мүлктөрүн менчиктештирип алабыз дегендер туш-тараптан чыккан, премьер-министрге чейин каттар жолдонгон деп уккам. Ошол үчүн ижарага берилип турган. Азыр жеке ишкердин эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн “Элдик” мамлекеттик ишканасы өзүбүз иштетсек болот.
Бакыт БОРОШЕВ, жеке ишкер:
-Мен кайра эле президентке кайрылып кетет элем. Урматтуу президентибиз! Ишкерлерге колдоо көрсөтүлсүн дегениңиз менен айрым мамлекеттик органдар, прокуратура аркылуу бизге кысымдар көп болуп жатат. Бизге мамлекеттик кепилдик же жеңилдетилген кредит эмес, болгону бут тосуп, тоскоолдук кылбоо эле жетиштүү. Кайсы жакка барбайлы, бюрократтар толтура, а бизге жүрөгүндө ыйманы бар, иштейм деген кадрлар керек.
Роза АКМАТЖАН кызы,
журналист.