Жалал-Абад облусунун 1995-жылы туулган тургуну “Жалданмачылык” беренеси боюнча издөөдө жүргөн“Х.М.” кармалды. Ал УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана согушкерлердин Кыргыз республикасынын аймагына кирүү каналына бөгөт коюуу алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында колго түшүрүлгөн.
Маалыматка ылайык, кармалган адам 2015-жылы Сирияга кетип, диверсиялык-террористтик атайын даярдыктан өткөн жана эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү болуп, Сирия өкмөтүнө каршы согушка катышкан.
Кылмыштуу иштерин жашыруу үчүн КМШ мамлекеттеринин биринде эмгек мигранты катары жашырынып жүргөн. Азыркы убакта “Х.М.” Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
Кошумчалай кетсек, ушул күндөрү Бишкек шаарында дагы “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун “амири”, коңшу мамлекеттин жараны “Ш.Т.” кармалган. Ал Кыргызстандын аймагында диний экстремисттик уюмдардын жашыруун ячейкаларынын иш-аракеттерин жетектеп жүргөн.
Такталгандай, кармалган адам коңшу мамлекеттердин биринде “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмуна катышкандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн. “Ш.Т.” жасалма паспорт менен Кыргызстандын аймагында активдүү экстремисттик аракеттерин жасаган.
Кармалган адам Бишкек шаарынын №1-Тергөө камак жайына киргизилип, тергөө иштери башталган.