Өлкөдө таажылуу вирустун жайылышынан улам түзүлгөн кырдаалда быйылкы биринчи чейректе Жалал-Абад областындагы тартылган инвестициянын көлөмү азайып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 71,2 пайызды түздү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын расмий маалыматтарында айтылат.
Башкача айтканда, быйылкы биринчи чейректе област боюнча жалпы 1 миллиард 755,3 миллион сомдук инвестициялар тартылган. Бул салыштырма баалар менен алып караганда өткөн жылдын ушул мезгилине карата 71,2 пайызга туура келет. Ошентип, Жалал-Абад областындагы тартылган инвестициянын көлөмү жалпы республикалык негизги капиталга тартылган инвестициялардын көлөмүнүн 9,8 пайызына туура келди.
Жалпы тартылган инвестициянын ичинен ички инвестициянын көлөмү 1 миллиард 87,5 миллион сомду түздү. Бул 2019-жылдын биринчи чейрегине салыштырмалуу 96,7 пайызды түзүп, 36,7 миллион сом аз тартылгандыгын көрсөттү. Ал эми тышкы инвестицияларды тартуунун көлөмү 667,8 миллион сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 50,8 пайызга жетип, 645,6 миллион сомго азайып кеткен.
Расмий маалыматтарда мындай азайып кетүүнүн себеби пандемияга каршы күрөшүү чараларынын алкагында экономикалык байланыштардын токтоп калышы, ошонун кесепетинен курулуш иштеринин убактылуу токтотулушу болду. Мисалы, “Бишкек-Ош” автожолунун “Маданият – Бек-Абад” участкасынын, Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун курулушу, жалпы эле жеке менчик курулуштар убактылуу токтогон. Азыркы тапта жогоруда аталган автожолдордун курулушу кайра улантылып жатат.