www.versia.kg
Пятница, Апрель 17, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

БАЗАР-КОРГОН: ТӨРТ АЙЫЛДЫН ЭЛИ ТАЗА СУУ ИЧЕТ

12.05.2020
0 0
0
SHARES
392
Просмотры
Бөлүшүү

Бир жарым жылдын аралыгында Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагындагы төрт айылдын эли ичүүгө жарактуу таза суу менен камсыз болот. Азыркы кезде таза суу долбоорунун алкагында курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Бул долбоор Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, АРИС уюму тарабынан ишке ашырылууда. Курулуш иштерин жүргүзүү боюнча тендерден 3 компания жеңип алган. Учурда алар өз участкаларындагы курулуш иштерин алып барышууда.

Долбоордун жалпы наркы 230 миллион сом болсо, тендердик наркы 213 миллион сом деп аныкталды. Долбоордун алкагында 4 суу кудуктары, 4 суу кампалары курулат жана суу түтүктөрү тартылат. Бул долбоордун иши 18 айга созулмакчы. Быйыл февраль айында алгачкы иш-аракеттер башталган эле, бирок жарыяланган карантин шарттары менен курулуш иштери убактылуу токтоп, эми кайра жандандырылды.

-Бул долбоор Кеңеш айыл аймагындагы Шыдыр, Коткор, Аук жана 1-май айылдарына таза суу жеткирет. Баары болуп 15 миңден ашуун эл таза суу ичип калат. Бул да болсо Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн элге болгон камкордугу эсептелет. Буюрса, мындай ири долбоорлор ушуну менен токтоп калбайт, алдыбызда жакшы максаттар бар, аларды ишке ашырып, элге жакшы шарт түзүү иштери жүрө берет, — дейт райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Бакыт Козуев.

Экерте кетсек, Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагында 9 айыл, анда 6500 кожолук болуп, 35 миң 319 киши жашайт.

.

Мурдагы пост

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖАЗДЫК БУУДАЙ КӨП СЕБИЛДИ, ТЕХНИКАЛАР ШАЙМА-ШАЙ

Кийинки пост

ЖАЛАЛ-АБАД: БИРИНЧИ ЧЕЙРЕКТЕ ИНВЕСТИЦИЯНЫН КӨЛӨМҮ АЗАЙЫП КЕТТИ

Кийинки пост
ЖАЛАЛ-АБАД: БИРИНЧИ ЧЕЙРЕКТЕ ИНВЕСТИЦИЯНЫН КӨЛӨМҮ АЗАЙЫП КЕТТИ

ЖАЛАЛ-АБАД: БИРИНЧИ ЧЕЙРЕКТЕ ИНВЕСТИЦИЯНЫН КӨЛӨМҮ АЗАЙЫП КЕТТИ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In