Жалал-Абад областынын район-шаарларында сугат багытындагы арык-каналдар тазаланып, оңдолуп, жазгы сугат иштерине карата даярдыкка келтирилип жатат. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришти.
Жалал-Абадбассейндиксуучарбабашкармасы тарабынан быйылкы 26-мартка карата бардык 706,9 чакырым чарбалар аралык каналдардын ичинен 637,2 чакырымы суу өткөрүүгө даярдалган. Тапшырма боюнча 28,9 чакырым каналдарды оңдоо белгиленген болсо, аткарылганы20,6 чакырымже 71 пайыз болду. Анын ичинен бардык 84,5 чакырымдын 63,2 чакырымы же 75 пайызы механикалык тазалоодон өттү.Баары болуп 132 даанасуутехникалык курулмаларды оңдоо керек болсо, алардын 102 даанасы же 77 пайызы оңдолду. Бардык 142 суу өлчөөчү түйүндөрдүн 99 даанасы же 70 пайызы, 42насостук станциялардагы 109 агрегаттын 75и же 68,8 пайызы даярдыкка келтирилген.
Ал эми областтагы 3335 чакырым ички чарбалык каналдарды тазалоо көздө тутулган болсо, анын 1714 чакырымы тазаланып, план 51 пайызга аткарылды. Анын ичинен, Ала-Бука районунда 8 пайыз, Аксы районунда 25 пайыз, Жалал-Абад шаарында 23 пайыз, Таш-Көмүр шаарында 41 пайыз аткарылган.
Бүгүнкү күндө областтагы ирригациялык объекттерди толугу менен даярдыкка келтирүү иштери улантылууда.