Быйылкы жарым жылдын ичинде Жалал-Абад областында ажырашкан үй-бүлөлөр саны көбөйүп кетти. Башкача айтканда, жарым жыл ичинде мамлекеттик каттоодон өтүп, баш кошкондор саны 4625 болсо, ажырашкандар саны 949 болду. Бул тууралуу областтагы расмий статистикалык маалыматтарда айтылат.
Акыркы июль айындагы маалыматтар да ажырашкандар саны аз эместигин көрсөтөт. Алсак, июль айында област боюнча баш кошкондор саны 661 болсо, ажырашкан үй-бүлөлөр саны 156ны түздү.
Дагы тактап кетчү нерсе, ажырашуулардын 23 пайызыга гана жубайлардын чогуу берген арызынын негизинде болсо, 77 пайызы соттун чечими аркылуу жүргөн.
Район-шаарлар боюнча алганда, баш кошкондордун санына салыштырмалуу ажырашкандар саны боюнча Сузак, Чаткал, Тогуз-Торо райондору, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарлары алдыда. Атактап айтканда, баш кошкондордун санына салыштырмалуу ажырашкандар саны Сузак районунда 21 пайызды, Чаткал районунда 25 пайызды, Тогуз-Торо районунда 29 пайызды түзгөн. Ал эми Таш-Көмүр шаарында ажырашкандар саны баш кошкондор санынын 25 пайызын, Кара-Көлдө 29,7 пайызын түздү.
Ажырашуулар саны баш кошуулар санына салыштырмалуу аз көрсөткүч Базар-Коргон жана Аксы райондоруна таандык. Базар-Коргон районунда ажырашуулар саны баш кошлуулар санынын 15,8 пайызын, Аксы районунда 16 пайызын түзгөн.