Эми Кыргызстандын жайыттарынын абалы боюнча сандык жана сапаттык маалыматты санарип жолу менен чогултса болот. Германия эл аралык кызматташуу коому (Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH) тарабынан ишке ашырылуучу Кыргызстандын жаңгак-мөмө токойлорунун биологиялык артүрдүүлүгүн сактоого багытталган кыргыз-герман долбоорунун алкагында Германия өкмөтүнүн тапшырмасы менен САМР Alatoo коомдук фонду жайыттарга байкоо жүргүзүү жана алардын абалын баалоо үчүн мобилдик тиркемени Кыргызстандын шарттарына ыңгайлаштырды.
Тиркеме жайыт жерлеринин түшүмдүүлүгү жана өсүмдүк каптоосунун курамы боюнча толук жана актуалдуу маалымат чогултууга мүмкүнчүлүк берет. Анын негизинде – LandPKS аттуу эл аралык деңгээлдеги тиркеме колдонулган. «Жайыттарга байкоо жүргүзүү» тиркемесин кыргыз, орус жана англис тилдеринде төмөнкү шилтеме аркылуу көчүрүп алса болот: https://play.google.com/store/apps/details?id=kg.forestry.
Тиркеме Кыргызстандын аймагында колдонууга багытталган, бирок келечекте аны Борбордук Азиянын башка мамлекеттеринин шарттарына дагы ыңгайлаштырса болот. «Жайыттарга байкоо жүргүзүү» тиркемесин колдонуу оңой, себеби анда өсүмдүктөр менен дарактардын сүрөттөрү жана жайыттын абалын туура баалоо үчүн топурактын түрлөрүнүн жалпы мүнөздөмөлөрү бар. Маалыматты график түрүндө, ал эми жыйынтыктарды аймактар, райондор, участоктор, жыл мезгилдери жана жылдар боюнча бөлүп көрсө болот.
Азыркы учурда тиркеме Аксы менен Базар-Коргон райондорунун токой-чарбаларында колдонулуп, сынактан өтүүдө. Аксы районунун Аксы, Аркыт жана Авлетим токой чарбаларынын кызматкерлери менен жергиликтүү жайыт комитеттеринин өкүлдөрүнө тиркемени колдонуу боюнча окутуу июнь айында өткөрүлгөн. Базар-Коргон районунун токой-чарбаларынын өкүлдөрүнө планшеттер берилген.
Авлетим токой чарбасынын башкы токойчусу Атай Нарбаев буга чейин баардык маалымат дептер жана журналдарга кол менен жазылган, жайыттардан токой чарбасына кайтып келгенде кагаздагы маалыматты компьютерге көчүрүү көп убакытты алганын эстейт. Азыр баардык чогултулган маалымат дароо серверге жөнөтүлөт жана ал жакта маалыматты архивдештирип, мурунку жылдардын жыйынтыктары менен салыштырып, талдап, болжолдоого болот.
Кыргызстандагы жайыттардын абалын жыл сайын баалап, байкоо жүргүзүү өтө маанилүү, себеби жайыттарды колдонуун нормаларын эсептеп чыгууга, деградация деңгээлин аныктоого жана тоолуу аймактардагы көчкүнүн, селдин жана жер кыртышынын бузулушун алдын алуу боюнча атайын иш-чараларды иштеп чыгууга жардам берет. Мамлекеттик токой фондунун карамагында дээрлик 900 миң гектар жайыт жерлери бар. 2015-жылдан тартып кыргыз-герман долбоорунун алкагында САМР Alatoo коомдук фонду долбоорго катышкан Базар-Коргон районунун токой чарбаларынын 30 участогундагы жайыттардын түшүмдүүлүгүнө байкоо жүргүзүп келет. 2021-жылдын июнь айынан тартып долбоорго катышкан Жалал-Абад областынын Аксы районунун үч токой чарбасынын аймактарында дагы байкоо жүргүзүлүп башталды. Жайыттардын абалы жылына эки жолу, жайында жана күзүндө жайыттардын түшүмдүүлүгүн жана аймактын жалпы проективдик өсүмдүк каптоосун баалоо сыяктуу эки методика аркылуу бааланат.
Кошумча маалымат алуу үчүн «Жаңгак-мөмө токойлорду жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү жамааттарды катыштыруу аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу» долбоорунун коомчулук менен байланышуу адиси Гүлайым Шигайбаева менен gulaiym.shigaibaeva@giz.de электрондук дареги же +996 552 201234, +996 772 044 055 номерлери аркылуу байланышсаңыз болот.
Маалымат: Германия эл аралык кызматташтык коому (Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH) дүйнөдө 130 өлкөдө иш алып барган Германиянын федералдык компаниясы. GIZ Германия Федеративдик Өкмөтүнө туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү боюнча эл аралык кызматташуудагы максаттарын ишке ашырууга колдоо көрсөтөт. Мындан тышкары, GIZ эл аралык билим берүү-агартуу иштерине жигердүү катышып, элдерге жана жамааттарга жашоо шарттарын жакшыртууга жардам берет.
GIZ Кыргызстанда 1990-жылдардын башынан тартып иштеп келет.
Өлкөнүн улуттук өнүгүү стратегиясына ылайык, GIZ «Туруктуу экономикалык өнүгүү» жана «Саламаттыкты сактоо» сыяктуу артыкчылыктуу багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашырууда. GIZтин ишмердүүлүгү ошондой эле билим берүү тутумун, укуктук жана сот реформаларын, Борбордук Азиядагы суу ресурстарын башкаруу боюнча трансчегаралык диалогду, жаратылыш ресурстарын коргоо жана туруктуу колдонуу тармагын дагы камтыйт.