Түркиянын Yildirim Enerji Holding A.Ş компаниясы Өзбекстандын Сурхандарыя областында комбинацияланган циклдеги жаңы жылуулук электр станциясын куруп бермекчи. Бул тууралуу Podrobno.uz сайты жазып чыкты.
Алынган маалыматка караганда, курула турган жылуулук электр станциясынын кубаттуулугу 900 мегаваттка жетет жана жаратылыш газы менен иштейт. Ал эми Yildirim Enerji Holding A.Ş компаниясы Түркиянын жана чет өлкөлөрдүн, анын ичинде АКШнын, Исапниянын, Россиянын жана башкалардын 50дөн ашуун компаниялары менен биргелешкен инвестициялык долбоорлор алкагында кызматташат. Негизинен энергетика, логистика, тоо-кен өнөр жайы, жер семирткич өндүрүү багытында иштейт. Ал эми Өзбекстанда ал энергетика жана химия өнөр жайын тандап алган.
Эскерте кетсек, азыркы тапта “Узбекэнерго” компаниясынын структурасына жалпы кубаттуулугу 12,1 миң мегаваттан жогору болгон 10 электр станциялары кирет. Анын ичинен жетөөсү жылуулук электр станциялары болуп саналса, үчөө жылуулук электр борборлору эсептелет. Жылына өлкөдө 55 миллиард киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлөт.
Өзбекстандын инвестициялык программасынын алкагында быйылкы жылы энергетика багытындагы 30 долбоор бар, алардын жалпы наркы 8,1 миллиард доллар турат. Быйылкы жылы 7 ири долбоор ишке ашырылып, 620 миллион доллар өздөштүрүлөт.
Андан тышкары, “Узбекэнерго” компаниясында жалпы наркы 2,5 миллиард доллар турган келечектүү 13 долбоорго инвестор тартуу маселеси иштелүүдө.