Дүйнөдө нефти арзандап кеткендиктен Өзбекстанда дизелдик күйүүчү-майлоочу майлардын баасы 1,5 миң сумга арзандап кетти (1 сум 0, 0081 кыргыз сомуна барабар). Бул тууралуу “Узбекнефтегаз” компаниясына шилтеме берүү менен Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
Азыр Өзбекстанда дизелдик күйүүчү майдын литри мурдагы 7089 сумдан 5600 сумга чейин арзандады. Буга нефтиге болгон дүйнөлүк баанын арзандашы менен өлкөгө арзан чийки зат кириши себеп болду. Ошонун натыйжасында “Узбекнефтегаз” өлкөдө сатылып жаткан дизелдик отундун баасын 14-апрелден баштап арзандатты. Компаниянын маалыматына караганда, акыркы үч айда дизелдик отунган болгон баа 2000 сумга арзандап, өлкө дыйкандары үчүн жакшы шарт жаратылды.
Эскерте кетсек, Өзбекстан быйылкы 1-майдан тартып кеңири тараган Аи-80 маркасындагы бензинге болгон бааны мамлекет тарабынан жөнгө салбай эркин коё бермекчи. Ошентип, анын баасы нефтинин дүйнөлүк баасына жараша өзгөрө бермекчи.