Азыр баары “Хонда” автоунаасын макташат, унаанын мыкты сапаттарын айтып бүтүшпөйт. Чынында эле бул унаа маркасы дүйнөлүк рынокто алдыңкы катарда турат. Бирок, ошол унааны маашырлана айдагандар бул унаа кимдин ысымын алып жүргөнүн билишер бекен? Эгер билишпесе, анда бул материалдан анын ким экенин билип алууга болот.
Балалык кыял, өчпөгөн үмүт
Соичиро Хонда жарды япон үй-бүлөсүндө туулган. Анын атасы карапайым темир уста болуп, балдарын велосипед оңдоо менен баккан. Акчанын жетишпестигинен балдары ачка болуп, беш баласынан айрылган. Аз да болсо жардам деп, Соичиро бала кезинен атасына жардамчы болот. Мектепке да жакшы каттабай, мээнет кылат.
Ал баарын өз тажрыйбасынан үйрөнүп, өз мээнети менен жеткенди туура көргөн. Күндөрдүн биринде кокусунан автомобилди көрүп калып, аябай таң калган. “Бүт баарын унутуп, мен машинанын артынан чуркадым… Аябай толкунданып алганмын…Менимче, дал ошондо канчалык бала болсом да менде качандыр бир убакта мен өзүм машина жасаймын деген идея пайда болгон” деп эскерет ал ошол күндөрдү. Ошондон баштап Соичиродо кыял жана максат пайда болот – ал өз машинасын жасагысы келди.
Жарыбаган бизнес, тарткан кыйынчылык
Убакыт өтүп, жигит болуп калгандан кийин баарын ойлонуп көрдү да, слесарь болуп иштөө менен ал эч качан кыялын орундата албасын түшүндү. Тапкан дүйнөсүн чогултуп, бизнесин баштамак болду. Бирок, анын чогултканы эмнеге жетмек эле. Ойлонуп отурбай аялынын кооз буюмдарын сатып, “Тойота” үчүн тетик чыгаруучу өндүрүштүк компания түзүүгө аракет кылат. Поршень жүзүктөрүн ойлоп таап, белгилүү киши болуп чыга келет. Көп акча тапканга жетишет.
Бирок, согуш башталып, Соичиро дагы кыйынчылыктарды тарта баштаган. Өзүнүн өлүп тапкан бизнесинен айрылып калуудан корккон. Ишкана бомбалоого кабылбаганы жана 1945-жылдагы зилзаладан аман калганы менен каржылык жактан иш жакшы болбоду. Кайра эле жакырчылык каптады. Башка бирөө болсо, жанын кыйып же ичип кетмек. Бирок, Соичиро Хонда андай киши эмес болчу. Ал каражат чогултуп, бизнесин кайра баштамак болду.
Калган-каткан дүйнөсүн сатып, айылга кетип калат. Ал жакта убакытты бошко кетирбей, ойлоп табуучулугун улантат. Кошуналары анын сабатсыздыгынан улам эч нерсеге жетише албастыгын айтышып, үстүнөн күлүшкөн. Бирок, ал ага да караган жок, аракетин уланта берди.
Кичи-мопедден — мотоциклге
Күндөрдүн биринде ал бир жакка барышы керек болуп калды, бирок автоунаасында бензин такыр калбай калганын көрөт. Барар жерине сөзсүз барыш үчүн керосинде иштеген моторду велосипеддин рамасына орнотуп, биринчи жолу кичи-мопедди жасап алат. Аны кийин аялы минип жүрөт.
Бул нерсени көргөн кошуналары аларга да ушундайды жасап беришин суранышат. Анан баары Хонданын кичи-мопеди тууралуу кеп таркатышат, ага кардарлар күн санап көбөйүп кетет. Бирок, Соичиро баарынын сураначын аткара алмак эмес, себеби анчалык сандагы мопедди жасаганга анын каражаты жок эле. Анан ал Японияда велосипед саткан 18 миң дүкөн ээлерине кат менен кайрылууну эп көрдү.
Ал жазган катында элге керектүү мотоцикл жасай ала турганын, бирок каражаты жоктугун билдирет. Эгер алар сөзгө ишенип, ага акча жөнөтүшсө, дүкөндөргө элге керектүү продукцияны бере турганын, ошентип чогуу бизнес жасаса болорлугун баса белгилеген. Дүкөн ээлери анын сөзүнө ишеништи жана каражат жагынан кол кабыш кылышты. Алган каражатка Хонда кичи-мопед чыгаруучу чакан өндүрүштү жолго койгон.
Ал дайыма биринчи болууну жана мотоцикл рыногун ээлеп алууну мерчемдеген. Атаандаштык өтө курч эле, бирок ал баарын жеңип кете алды. Мотоцикл чыгаруу тармагында ал өзүнүн 250 атаандашын жеңип, рыноктун лидери болду. Анын “Хонда” мотоциклдери дүйнөнүн чартарабында ийгиликке жетишти. Ал эми Соичиро атаандаштарын биротоло артта калтыруу үчүн апта сайын конвейерден мотоциклдин жаңы модификациясын чыгарып турууну колго алган. Ошонун аркасында ал дагы да атактуу болуп калды.
Балалык кыял орундалганда
Мындай ийгиликтерден кийин Соичиро тээ баягы балалык кыялын – машина жасоо максатын эстеди. Көп билермандар, кала берсе Япониянын Эл аралык соода жана өнөр жай министрлиги да ага дагы бир автоунаа өндүрүүчүнүн кереги жок экенин айтышкан. Себеби Японияда автоунаа чыгаруу боюнча дүйнөнү таң калтырган компаниялар көп болчу. Ошол кезде дүйнөлүк “Паккард”, “Хадсон”, “Кайзер”, “Уиллис”, “Кросли” сыяктуу компаниялар кризиске учурап турган эле. Бирок, Соичиро көздөгөнүнөн кайтпады, эч кимди укпады, жеңишке жетерине ишенди да, максатын ишке ашырууга киришти.
Анан 1970-жылы автоунаа бизнесин ачты. Ал айлана-чөйрөнү автоунаалар бөлүп чыгарган газдардан булганып жатканын жар салып, биринчи болуп абаны аз булгоочу “ССВС” кыймылдаткычын сунуш кылды. Ал эми 1975-жылы ушундай кыймылдаткычты “Сивик” моделине орнотуп, ал унаа супер таанымал болуп чыга келди. Баары аны сатып алгысы келген. Кийинчерээк анын ийгилигин CRX, Prelude, Acura жана Accord кайталап чыкты. Honda модели америкалык моделдерден артта калбай, тескерисинче, алардан озо баштады. Кептин баары Honda моделинин эң жогорку деңгээлде жасалышында жана арзандыгына эле.
Азыркы тапта дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда Honda унаалары эң эле популярдуу жана товар катары эң өтүмдүү. Эгер көчөлөргө байкоо салсаңыз, дал ушул Honda унааларын көп көрөсүз. Эгер ал унаалар начар болгондо, аны мынчалык барктап минишпейт эле да.
Ийглиликтин башаты – мыкты адистер
Эң кыйын күндөр болду, арга кеткен айлар болду, бирок Соичиро баарын жеңип кетти. Анын сабырдуулугу, мээнеткечтиги, максатка умтулгандыгы, изденгендиги аны дүйнөлүк атакка, байлыкка жеткирди. Ал эч качан адистерди дипломуна карап эмес, жөндөмүнө карап ишке алган. Ал табигый жөндөмдүүлөргө, тобокелчиликтен коркпой, идеянын артынан түшкөндөргө, табигый интуициясы күчтүүлөргө жол берген. Ал өзүн таң калтыра алгандарды тандаган. Өзүнө окшобогон, өз жолун жактаган көк, бирок колунан иш келгендерди өзүнө тарткан.
Соичиро эң кыйын көйгөйлөрдүн да оңой чечилишин таба билген. Тээ 1974-жылы Японияда нефти кризиси жүз берген, көп автоунаа компаниялары жумушчуларды көчөгө айдап, бааны көтөрүшкөн. Бирок, Соичиро таптакыр тескерисинче жасады: автоунаалардын, мотоциклдердин баасын төмөндөтүп, өндүрүштү арбыткан. Баары аны келесоо деп ойлошкон, бирок ал кризиске туруштук берип, бүтүндөй автоунаа жана мотоцикл рыногун ээлеп алган.
Баарынан да ал кеменгер жана айкөл киши болгон. Мисалы, 1973-жылы ал компаниянын президенттигинен кетип жатып, компанияны башкаруу мурасын үй-бүлөсүнө берген эмес. “Компаниянын негиздөөчүсү канчалык мыкты болгондугу маанилүү эмес, анын уулу да ошондой жөндөмдүү экенине эч бир кепилдик жок. Компанияны башкаруу лидерлик сапаты менен артыкчылык кылган кишиге берилиши керек” деп айткан. Азыр бул компания гүлдөп-өнүгүп жатат, дүйнөлүк кризис да ага коркунучтуу эмес. Компания жаралган мезгилден бери каржылык жактан зыян тарткан бир дагы жыл болбоду. Жумушчуларды массалык иштен бошоткон же чыгымдарды азайткан бир дагы факты жок.
Акыркы жылда бул компания “Крайслер групп” (Chrysler Group) компаниясына караганда көп унаа саткан. Мына ушундай компанияны гениалдуу киши – Соичиро Хонда түзгөн жана ийгиликке алып келген. Ал болгону карапайым, жогорку эмес, кала берсе орто билимге да ээ эмес киши. Бирок, не бир билимдүү кишилер жасай албаган иштерди жасап, кыйынчылыктарды жеңе алган. Бала кезде эңсеген кыялы орундалды – дүйнөдөгү эң мыкты унааларды жасап чыгарды.
Көрүнүп тургандай, ийгилик туулган аймактан, билимден, социалдык абалдан көз каранды болбойт экен. Ал алдыга үлкөн максат коюп, анын артынан талбай аракет кылган, үйрөнгөн жана эч нерсеге карабай алдыга кадам шилтегендердин шыбагасы. Соичиро Хонда ийгиликке жеттиби, демек, башка ар бир киши да ушундай эле ийгиликке жетише алат.
Интернет булактарынан которуп даярдаган Жалил САПАРОВ.