Өзбекстан Республикасынын президенти ШавкатМирзиёев өлкөдө өткөрүлүп жаткан Эл аралык бахши өнөрүнүн фестивалынын ачылышында сүйлөп, шоу-бизнес жана “массалык маданият” багыты коммерцияга айланып кетип, коомдун рухий өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип жатканын айтты. Бул тууралуу Podrobno.uz маалымат агенттиги жазып чыкты.
Ш. Мирзиёев бүгүнкү ааламдашуу процессинде шоу-бизнес менен “массалык маданият” көрүнүштөрү коомду башка багытка ээрчитип, улуттук маданияттын негизи болгон фольклор өнөрүнө кызыгуу калып баратканын белгилөө менен чынында фольклордук өнөр адамзаттын бешиги экенин айтты. Ошондуктан бул багытта мамлекет атайын чараларды көрө турганын билдирди.
Эми элдик кайталангыс таланттарды, бахшилерди, акындарды, манасчыларды, элдик көөнө маданиятты алып жүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоого алуу зарылдыгын ортого салды. Дал ушул максатта Өзбекстанда бахши өнөрүнүн Эл аралык фестивалы уюштурулганын баса көрсөттү. Өзбекстанда бахши өнөрүн, жалпы эле фолкьлордук өнөрдү өркүндөтүү боюнча бир катар конкреттүү сунуштарын билдирди.
Эске сала кетсек, бахши (түркмөндөрдө “багшы”, каракалпактарда “бахси”, казактарда “баксы”, кыргыздарда “бакчы”) – Орто-Азия аймагындагы фольклордук ырларды, күүлөрдү аткаруучу.