Быйылкы жылдын башынан бери эле кошуна Өзбекстан сыртка калемпир сатып, 15 миллион доллар пайда көрдү. Бул тууралуу Podrobno.uz маалымат агенттиги жазып чыкты.
Алынган маалыматка караганда, быйылкы январь-февраль айларында чет өлкөлөргө калемпир сатуунун көлөмү 10,8 эсеге өскөн, өлкөнүн Мамлекеттик статистика комитети ушундай маалымат таркатты. Ошонун шарапаты менен калемпир азык-түлүк товарларын экспорттоо структурасында лидерлик сапка көтөрүлдү.
Мисалга алсак, өлкөнүн бардык азык-түлүк, жашылча-жемиш продукцияларынын экспорту 175,3 миң тоннаны түзүп, 86,4 миллион долларлык наркка жеткен жана өсүү темпи 83,7 пайызды түзгөн. Эми мындан ары бул цифра дагы да өсмөкчү, анткени февралдан баштап жашылча-жемиштерди экспорттоо шарттары жеңилдетилген.
Өткөн жылы Өзбекстан “чили” деп аталган кызыл калемпирдин индиялык сортун эгүү менен аны экспорттоого кызыгып жатканы айтылган. Себеби чил кызыл калемпирлери бизде өсүүчү кадимки кызыл калемпирден кыйла ачуу жана сапаттуу эсептелип, бир катар өлкөлөргө ийгиликтүү экспорттоого мүмкүндүк бар.
Эске сала кетсек, өзбекстандык жашылча-жемиштердин негизги сатып алуучусу Казакстан (17,8 миллион доллар), Кыргызстан (15,1 миллион доллар) жана Россия (10 миллион доллар) эсептелет.