Россиянын рыногунда кошуна Өзбекстан башка өлкөлөрдү жеңип кетти. Өзбек багбандары быйылкы жаз-жайда шабдалы жана нектариндин мол тушүмүн алып, Россиянын базарларындагы бааны түшүрүп салды. Анын натыйжасында Сербиянын, Грузиянын жана Түркиянын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнө доо кетти. Бул тууралуу EastFruit басылмасы жазып чыкты.
Алынган маалыматка караганда, быйылкы 21-май жана 20-июль аралыгында Өзбекстан 40,6 миң тонна шабдалы жана нектаринди экспорттоого жетишкен. Мунун жалпы наркы 39,4 миллион долларга барабар. Бул 2018, 2019 жана 2021-жылдардын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүмдүн жана экспорттун көлөмү 1,5 эсеге көптүк кыларын билдирет.
Экспорттун мындай катуу чабуулуна Өзбекстандагы аталган мөмө-жемиштердин баасынын өткөн жылдарга салыштырмалуу 10-15 пайызга төмөн экени себеп болду. Анткени шабдалы менен нектариндин калибри аз болуп, дүңүнөн эле 0,40 евродон сатууга туура келди. Бул болсо, рынокту баасы арзан мөмөнүн каптап кетишине алып келди.
Өзбекстандын негизги рыногу ЕАЭС өлкөлөрү болгондуктан, калибри аз, баасы арзан шабдаалы менен нектарин ушул мөмөнү экспорттоочу башка өлкөлөрдө сатып алуу баасын жана рынок стандартын төмөндөтүп жиберди. Айрыкча мындан Россиянын рыногуна экспорттоп келаткан Грузия, Сербия жана Түркия зыян тартып калды. Мындан Грузиянын Россияга карата шабдалы жана нектарин экспорту 80 пайызды түзсө, Түркиянын экспорту 90 пайызга жетет. Демек, тарткан зыян да ошого жараша.
Түзүлгөн жагдайдан улам Түркиянын Россияга болгон шабдалы жана нектарин экспорту токтоп калды. Ал эми Грузиянын шабдалысынын дүң баасы килограммына 0,35-0,37 долларга чейин, ал эми нектариндин дүң баасы 0,55-0,75 долларга чейин төмөндөдү.
Мөмө-жемиш, жашылча жана бахча рыногундагы эл аралык атаандаштык кызуу уланып жатат.