Эми Өзбекстанда сыртта жүргөн эмгек мигранттарына насыяга батирлер берилмекчи да калктын социалдык абалын жакшыртуу чаралары ишке ашырылмакчы. Бул максатта 2020-жылы өлкө боюнча 3,5 миң батир бөлүп берүү каралды. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.
Өлкө президенти Шавкат Мирзиеёв атайын жарлык чыгарып, анда эмгек мигранттарын жана алардын үй-бүлөлөрүн коргоого алуу чараларын күчөтүү каралган. Жарлыкта насыяларды алуу жана аларды төлөө жагынан эрежелер да көрсөтүлгөн. Ага ылайык, 2020-жылы өлкө аймагынан 3462 батир бөлүп берүү тапшырмасы берилди.
Өзбекстанда алынган насыяларды Россиянын аймагында иштеп жаткан «Азия инвест банк» акционердик коому же башка каржы мекемелери аркылуу рубль менен төлөп койсо болот. Ошондой эле акча каражаттарын электрондук акча которуу системасы аркылуу жөнөтүү мүмкүндүктөрү да эске алынган.
Быйылкы 1-октябрдан тартып эмгек мигранттары бир күндүн ичинде эле 2 миллион сум өлчөмүндөгү микрокредиттерди 10 пайыздык үстөгү менен ала алышат. Ал эми 2021-жылдан тартып үстөк 12 пайызга чейин жогоруламакчы. Насыялар бир жылдык мөөнөткө берилет.
Жарлыкта андан тышкары эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана колдоо боюнча Өкмөттүн адындагы департаментти түзүү жагы да айтылган.