Москвадагы турак жайлар барган сайын эскирип баратат, эми аларды жаңыларына алмаштыруу зарылдыгы бар. Бул максатта шаар бийликтери чыгыш райондорунан 20 гектар жер аянтын алып, 586 миң 200 чарчы метрлик кыймылсыз мүлктү курууну пландап жатышат. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазып чыгышты.
Алынган кабарларда шаар бийликтери бул иш үчүн шаардын чыгыш жагындагы “Виктория” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы тууралуу айтылат. Компанияга караштуу жерди шаарга алып, анын ордуна компанияга караштуу структураларга шаардын ар кайсы аймактарына 1,28 миллион чарчы метр турак жайларды курууга уруксат беришмекчи. Эксперттер бул багыттагы сүйлөшүүлөрдү реновация программасын ишке ашыруудагы үлкөн кадам катары баалашууда.
Шаардагы реновация программасы Москва шаарынын бийликтери тарабынан 2017-жылы бекитилген. План боюнча 16,3 миллион чарчы метр аянты, 350 миң батирлери бар 5173 турак үйлөрү алынып салынмакчы. Аларда 1 миллионго жакын киши жашап турат. Турак жай ээлерине жаңы үйлөрдөн ошондой эле аянттагы турак жайлары бөлүнүп, нарк айырмасы төлөнүп да берилмекчи.
Азырынча шаар боюнча курулуш иштери жүргүзүлүүчү 323 аянт белгиленип, ага 4,7 миллион чарчы метр турак жайлары курулат. Ал эми бул иштер 2035-жылга чейин бүткөрүлмөкчү.