Өзбекстанда 1 гектар жерден 300 доллар нарктагы продукция өндүрүлүүдө. Ал эми бул көрсөткүч Түркияда 2 миң долларды, Египетте – 8 миң, Израилде болсо, 12 миң долларды түзөт. Бул тууралууPodrobno.uz маалымат агенттиги билдирди.
Ошентип, Борбор Азияда айыл чарбасы боюнча алдыңкы делген Өзбекстан өндүрүлгөн продукциядан киреше табуу көлөмү жагынан башка өлкөлөргө караганда ондогон эсе артта калып келатат. Бул тууралуу өлкө президенти 2020-2030-жылдарда айыл чарбасын өнүктүрүүнүн приоритеттүү милдеттери тууралуу жыйында ачык айткан. Өлкөдө өндүрүлгөн продукция тышкы рынокто башкаларга атаандаш боло албай жатат, анткени стандартка туура келбейт. Ошондуктан президент тийиштүү органдарга продукцияны Европа биримдигинин, Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн жана араб дүйнөсүнүн стандарттарына шайкеш келтирүү тапшырмасын берди.
Мирзиеёв 2020-жылдын аягына чейин жер кыртышынын жана себилген эгиндин абалына реалдуу баа берүү максатында быйыл башталган космостук байкоо жүргүзүү иштерин толук бүткөрүү зарылдыгын белгиледи. Анын натыйжасында айыл арбасы үчүн эң керектүү вегетациялык процесс, кыртыштын мелиоративдик абалы жана минералдашуу деңгээли, нымдуулугу боюнча так маалымат алуу мүмкүндүгү жаралат да, түшүмдүүлүктү бери болгондо 25-30 пайызга жогорулатууга жол ачылат.
Ошондой эле өлкөдө эгинди сугарууга миллиарддаган сугат суусу пайдаланылганы менен анын 60 пайызы гана талааларга жетип жатканы белгиленди. Калган суу ирригациялык системада эле жок болуп кетет. Дүйнөлүк суу ресурстарынын институту билдиргендей, 2040-жылга барып Өзбекстан суусу таңкыс 33 өлкөнүн бири болуп калышы ыктымал. Ошондуктан өлкөдө жылына 200 гектар аянтта суу үнөмдөөчү технологияны ишке киргизүү зарылдыгы бар.
Деген менен, азыркы учурда Өзбекстандын айыл чарбасы Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинде эң натыйжалуу деп эсептелет.